whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКайдыгерликпи же жоопкерсиздикпи?..

Кайдыгерликпи же жоопкерсиздикпи?..

Ээр токумдай жерди эки ай асфальттайбы?

…Дүрр деди. Жер “дүрр” этип титирегендей болуп, биздин редакция отурган имараттын терезелери бир топко калдырап барып басылды. Баарыбыз коридорго чыгыппыз го, “Жер титиреген жок. Бу турган музейдин берки капталында атайын техникалар иштеп жатат. Сыягы, эски асфальтын сыйрып, кайрадан асфальттаганы жатат окшойт”, – деди сырттан кирип келаткан жооптуу катчы.

Андан бери бир топ убакыт өттү. Күндө 2-3 маал “дүрр” этип добуш чыгып, терезелер шалдырап-калдырап, жер титирегендей болуп, атайын техника иштеп баштайт. Сөздүн кыскасы, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин түндүк ыптасындагы эшик-төрдөй жер асфальт басууга даярдалып бүтпөй койду.

Кошуна Кытайда бир саатта 750 метр жерди асфальт басууга даярдап да, асфальттап да кетишет экен. Алардагы бардык ылдамдык трассалары акыркы 20 жылда курулуп, бир жылда эле (2019-жылдын аягынан 2020-жылдын аягына чейин) 185 600 жаңы жол бүткөрүлүптүр. 2022-жылга карата Кытайда автомобиль жолдорунун узундугу 5,35 млн. километрге жетиптир.

А бизде минтип эшик төрдөй жерди асфальт басууга жарым ай даярдап жатабыз. Буга эмне деш керектигин да билбейсиң.

Албетте, анда иштеп жаткан карапайым жумушчуда эмне күнөө?! Кеп ишти уюштура албаган жетекчилердин кайдыгерлигинде, жоопкерсиздигинде чек жок экени көрүнүп турат. Буюрса, эрте-кечпи бу алакандай тилкенин асфальтын сыйрып, кайра асфальттаганга канча каражат кеткенин да тактап беребиз.

Олчойгон акча бөлүнгөн үчүн иш жасаган түр көрсөтүп, жарым айдан бери жай кыймылдап, элдин да тынчын алып, имараттардын да пайдубалына доо кетирип, жоопкерсиздиктин чыныгы үлгүсү болуп жатпайбы.

Кайра-кайра асфальттагандай акчабыз көппү?

Былтыр эле Москва көчөсүнүн Некрасов-Кулиевден ылдый жагын асфальттап жаткандай болду эле, быйыл мына ошол былтыр басылган асфальтты сыйрып салып, кайра асфальттаганы жатышат. Шаардыктардын соцтармактарда тараткан маалыматтарына караганда, шаардын башка аймактарында да былтыркы басылган асфальтты сыйрып салып, кайрадан асфальттаганы жаткан фактылар бар окшойт.

Ойлоп отуруп, акыл жетпейт. Бир жылга жетпей, былтыр асфальттаган жолго кайра асфальт баскандай Кыргызстан байманасы ташыган мамлекетпи? Мындай башаламандыктар, өзүм билемдиктер, жоопкерсиздиктер качан токтойт?!!

Аялдамага аярласак…

Кытайдан келген автобустардын шаар жолдоруна кое берилиши менен аялдамалар да кеңейтиле баштады эле, былтыр күздө башталган иш ошону менен токтоп калды. Дээрлик баары чала бүткөн калыбында. Айрым аялдамалар асфальтталган да эмес. Чаңы сапырылып жатат. Кээ бирлери жарым-жартылай бүтүп келип, кай жеринен токтоп калса, ошол бойдон калган.

Илгери Бишкекте шаардыктар тарабынан шайланган Борис Силаев деген мэр болгон. Ошол киши аялдамаларды ижарага берип жаңылык киргизген.

Ырас, шаардын бюджетинде аялдамаларды толугу менен бүтүрүп, алда немедей жасаганга акчасы жокпу, анда аны 10-20 жылга ижарага берүүгө эмнеге болбосун. Аялдамаларды алгандар анын бир бурчуна бизнесин уюштуруп, аялдаманын тегерек-четинин тазалыгына да жооп бермек.

Аа-уу, тротуар кайда?

Кошуна Кытай миллиондогон чакырым жол куруп жатканда, шаардын көп көчөлөрүндө тротуарлар жок. Некрасов-Кулиев көчөсүнүн темир жолдон өтүп, Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көп жылдан бери тротуар жок. Май куючу жай тротуар өтүүчү тилкеге чыгып алган.

Садырбаев көчөсүнүн Түштүк Магистраль көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейинки бөлүктө да тротуар жок. Бүгүн мэрия Айтматов көчөсүндөгү тротуарды кеңейтебиз деп Киргизия-1 айылынын тургундары менен конфликтке барып жатат. Садырбаев көчөсү да мамлекеттик резиденцияга кеткен чоң трасса. Анда неге биз Садырбаев көчөсүнө тротуар курууну ойлобойбуз, дегеле эмнеге бул көчөгө Айтматов проспектисине альтернативалуу жол катары мамиле кылбайбыз.

Дегенибиз, Садырбаев көчөсүнүн боюна ар кандай курулуштар түшүп, сыягы шаардык архитектура ал курулуштарга жашыл жарык берип жаткандай. А биз каалайбызбы, же жокпу, Садырбаев көчөсү Айтматов проспектисине альтернативалуу жол катары эртең эле көчөнү кеңейтип, демек, бүгүн уруксат берип жаткан курулуштарды буздурууга туура келет. Андай болгондо, бир башынан куруп, бир башынан бузбай, курулуштарга уруксат бербей эле койсо болбойбу дейсиң да.

Тротуар демекчи, ал Аалы Токомбаев проспектисинде да жок. Шаардыктар жоктон жол таап басканга аргасыз, айрым учурда трассага чыкканга туура келет. Башка жол жок. Шаардык архитектура көп кабаттуу үйлөрдү пландап, үй курууга уруксат берип жатканда, эмнени ойлогону түшүнүксүз.

Ичүүчү сууга машина жууп, жуунуп…

Эми ичүүчү суу тууралуу. Айбек Жунушалиев мэр болуп келгени ичүүчү суу менен огород сугарганга тыюу салып, олчойгон штрафтар менен тыйып жатат. Натыйжада жаңы конуштарда жашагандар огородго помидор, бадыраң айдаганды койдук.

Мэрия дрон менен тартып, огородун сугаргандарга 7-10 миң сом айып пул салып жатыптыр деген эле имиштер. “Антип мэрияга жаман-жакшы көрүнүп, 7-10 миң сом төлөгөнчө, ошончо сомго бадыраң, помидор алып алганыбыз жакшы эмеспи, сугарып, чөбүн отоп, убара да болбойбуз” дешет балдарыбыз. Бир эсе балдардын айтканы да туура, ичүүчү сууга убал.

Жүздөгөн шаардыктар ичүүчү сууга жетпей отурса, а биз огород сугарып жатсак, түпкүлүгү туура эмес. А бирок, мында карапайым шаардыктардын күнөөсү эмне? Эмне үчүн мэрия шаарды агын суу менен камсыз кылган эмес да, эмне үчүн ичүүчү суу менен сугарсаң, штраф салам деп коркутат? Эгер, ырас агын суу менен камсыз кыла албайбы, анда шаардыктардын алакандай огородун эмне менен сугарат бул маселени чечиш керек болчу. Тилекке каршы, аны ойлогон шаардык жетекчи жок, “бузам, штраф салам” дегендер. “Жашыл мурас” программасы бар. Шаарды көрктөндүрүп, бак-дарактар өсүш керек. Аларды кантип сугарабыз.

Шаарда жүздөгөн мончолор, сауналар, бассейндер, унаа жуучу жайлар бар. Каалайбызбы же жокпу, булар деле ичүүчү суу менен унаа жууп, мончого, саунага деле, бассейнге деле ичүүчү суу пайдаланылып жатат.

Бир күндө канчалаган тонна суулар унааларды жууганга кетип жатат? Дене боюң титирейт. Мынча көп ысырап болгон суунун убалы жокпу. Тал-теректи сугарсаң көгөрөт, өсөт, көмүр кычкыл газын жутуп алып, кычкылтек бөлүп чыгарат. А 4-5 тонна ичүүчү сууга жуунган унаа газ чыгарып, баарыбызды уулап жатпайбы.

Шаарда 1 миллиондон ашуун киши жашайт. Жума сайын мончого барат. Күн сайын душка жуунат. Айрым бассейни барлар ар жумада 50-60 тонна ичүүчү суу пайдаланат.

Демек, мэрия калыс карап, ырас шаардыктарга ичүүчү суу менен огород сугарганга уруксат бербей жатабы, анда ичүүчү суу менен унаа жууганга, мончодо жуунганга, бассейн толтурганга уруксат бербеши керек.

Же мэрия бир унаа жууганга, бир киши жуунганга канча ичүүчү суу кете турганын эсептеп чыгып, тарифтерди да ошого жараша кымбаттатуусу зарыл. Мэрияда унаа жуучу жайлар, мончолор, сауналар канча тонна ичүүчү суу керектерин билишсе керек.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар