whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортАндрей Аршавин:  "Спорт — бул физикалык абал гана эмес, ошондой эле рух"

Андрей Аршавин:  «Спорт — бул физикалык абал гана эмес, ошондой эле рух»

А.Аршавин Татарстандагы «Билим. Биринчи» билим берүү марафонунда жаштар менен жолугушууда мектепте жакшы окуунун зарылдыгын айтты.

«Зенит» Футбол клубунун башкы директорунун спортту өнүктүрүү боюнча орун басары, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери А. Аршавин «Билим» федералдык билим берүү марафонунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата сөз сүйлөдү.

Белгилүү футболчунун жаштар менен жолугушуусу 28-апрелде Волга федералдык округундагы марафон аянтында, Казань шаарында, Татарстан Республикасынын Улуттук китепканасында өттү. Баарлашуу Мекендин урматында спорт чеберинин ийгиликтерине арналды.

Казань – Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Билим» федералдык билим берүү марафонуна катышкан өлкөнүн 11 шаарынын бири болду. Ар кайсы тармактын көрүнүктүү адамдары жаштар менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин Россиянын тарыхына, экономикасына, илимине, маданиятына жана спортуна кандай таасир эткендигин талкуулашты.

А. Аршавин балдарга дүйнөлүк спорттук аренадагы жеңиштер ал жана башка спортчулар үчүн эмнени билдирерин, аларга олуттуу даярдыкты, чыдамкайлыкты жана кайраттуулукту талап кылган нерселерге жетүү үчүн эмне түрткү жана дем берерин айтып берди.

Өз сөзүндө «Согуш маалында «Зениттин» СССРдин Кубогун жеңип алганы өзгөчө Ленинград үчүн символикалуу. Биз «Динамо» стадионунда көп жолу болуп, 1944-жылдагы блокада матчын эстедик. Спорт – бул физикалык гана эмес, руханий да, эрк жана мүнөз физикалык мүмкүнчүлүктөргө караганда жеңишке көбүрөөк жардам берет», — деп баса белгиледи А. Аршавин.

Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери ошондой эле спортко болгон ышкыбоздук мектеп программасын өздөштүрүүгө тоскоол болбошу керектигин белгиледи. Ал «Албетте, мектепте окуш керек. Канчалык мээң жакшы өрчүсө, спорт менен машыгуу да ошончолук жеңил болот. Мектепте окуп жүргөндө биз шашки да, шахмат да ойночубуз. Эгер футболду көрсөң, жогорку менен төмөнкү деңгээлдин айырмасы чечим кабыл алуунун ылдамдыгында экенин түшүнөсүң. Жана жалпысынан биз биринчи кезекте мээбиз менен ойлонуп жашайбыз», — дейт спорт чебери.

Белгилүү спортчу балдарга өз алдынча болуудан коркпоого кеңеш берди. Жаш кезин эстеп, 1-класста коюлган бааларын адилетсиз деп эсептеп, баа китепчесин тытып салганын мойнуна алды. «Алар мени жинди деп айтышты. Бирок таланттуу адамдардын баары башкачараак. Сен жөнүндө ким эмне дейт, баары бир, эң башкысы сен өзүң жакшы экениңди билсең болду», — деп жыйынтыктады өз сөзүн Андрей Аршавин.

Вера Беделбек,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар