whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Россия биргелешип мектеп курушууда

Кыргызстан менен Россия биргелешип мектеп курушууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкек шаарында курулуп жаткан мектеп долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, республика боюнча биргелешкен жалпы билим берүүчү мекемелерди куруу үчүн тогуз жер тилкеси аныкталган.

Адылбек Касымалиев жана Алексей Оверчук борбордо курула турган мектептин жеринде болуп, долбоордун иштелип чыгышы менен таанышты. Берилген маалыматка караганда, жаңы мектеп 1224 окуучуга ылайыкташтырылып, жалпы жер аянты 3 гектарды түзөт.

Учурда Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан долбоорду ишке ашыруу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул демилге Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгын чыңдап, сапаттуу билим берүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар