whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.01.2026
-4.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону улантат

Кыргызстан мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону улантат

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды улантуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, мамлекеттик органдар бюрократияны кыскартууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга жана административдик процесстерди оптималдаштырууга багытталган чараларды андан ары иштеп чыгып, ишке ашырууга милдеттендирилди.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын юстиция министри Аяз Баетовго мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо ыйгарым укуктары жүктөлдү. Ага 2026-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилди.

Ошондой эле Аяз Баетов айкалыштырып иштөө боюнча Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, Президенттин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 жана 2025-жылдын 19-сентябрындагы №269 жарлыктары күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Гезит

Ааламды кыймылдаткан акча жаатынан…

Доллар – дүйнөдө эң маанилүү валютаАКШ доллары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн негизги резервдик валютасы болуп эсептелет жана көптөгөн улуттук банктардын валюталык резервдеринин эң чоң...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар