Белгилүү сүрөтчү Рубенстин жоголгон делген сүрөтү 3 млн еврого сатылды

Питер Пауль Рубенстин жоголгон деп эсептелген сүрөтү төрт кылымдан кийин табылып, дээрлик 3 млн еврого сатылды. Полотно 2024-жылдын күзүндө Париждин борборундагы сатууга коюлган особняктан табылган.

Бул картина Рубенстин чыгармачылыгы үчүн сейрек кездешүүчү чыгарма деп бааланууда. Ал көбүнчө Крестке кадалуу көрүнүштөрүн сүрөткө түшүргөнү менен, Исанын кансырап жаткан жарасы бар денесин тарткан учур — дээрлик бир эле жолу кездешет. Аукцион үйүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, дал ушул оор тематика картина баасына да таасир эткен: баштапкы баа 500 миң евро деп коюлган. Болбосо, төрт кылым бою жоголгон чыгарма катары анын наркы кыйла жогору болмок.

Эксперттер полотнонун чыныгы экенин далилдөөгө бир жылдай убакыт коротушкан: рентгенография жүргүзүлүп, сүрөттө колдонулган боёктор менен техника фламанд сүрөтчүсүнүн стилине жана дооруна туура келери аныкталган. Натыйжада картина 2,3 млн евро (комиссиясы менен — дээрлик 3 млн евро) баага сатылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз