Бишкек мэри жаңы жылдык белек чогултууга жана корпоратив өткөрүүгө тыюу салды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев түзүмдүк бөлүмдөрдүн бардык жетекчилерине кызматкерлерден жаңы жылдык белектер үчүн акча чогултууга таптакыр тыюу салууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, кээ бир жетекчилер тарабынан орун басарларга же мэриянын кеңсесине «баштыкка акча чогултуу» аракеттери тууралуу маалыматтар түшүп жатат.

«Бардык кызматкерлерге жеткириңиздер: эгер кандайдыр бир жетекчи жаңы жылдык белек үчүн бир тыйын болсо да чогултса, ал ошол эле күнү иштен кетет. Мындай «баштык» көтөргөн жетекчилерге жол берилбейт», — деп эскертти шаар башчысы.

Мындан тышкары, мэр бардык түзүмдөргө корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынды дейт.

«Кимдир бирөө кече өткөргүсү келип, ашыкча акчасы болсо, башка өлкөгө барып өткөрсүн», — деди Жунушалиев.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз