Франциянын Тулуза шаарынан эки селсаяк уурдалган банктык карта менен лотереялык билет сатып алышып, лотереялардын бири 500 миң евро утушка ээ болгон.
Эми лотерея уюштурган компания утушту кимге берерин билбей турган чагы. Көрсө, окуя мындай болуптур. Унаасынан капчыгын уурдаткан Жан-Давид картасын блоктотуу үчүн банкка байланышса, уурулар эсебинен 52,5 евро коротконун маалымдашкан. Иликтөө учурунда капчыкты алгандар тоноо болгон жерден 500 метр алыстыктагы киоскиден соода кылышып, акчанын баарына лотереяларды сатып алышкан. Ошентип лотереялардын бири ийгиликтүү болуп чыккан. Сатып алуу-чулар сатуучуга утуш тууралуу айтышканда алар “Ла Франсез де Жё” компаниясынын штаб-квартирасына келе албай коюшкан. Эми минтип 500 млн. евро ууруларга да Жан-Давидге да буюрбай, лотереяны уюштуруучу компания блоктогону турат. Айласы куруган капчык ээси ууруларга документтерин, картасын кайтарса утуштун жарымын берип, полицияга арыз жазбай тургандыгын убадалаган. Тилекке каршы, азырынча “уурулар” байланышка чыга элек экен.

