Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектин айрым көчөлөрү 21-сентябрда жабылат

Бишкектин айрым көчөлөрү 21-сентябрда жабылат

Бишкектин жолдору 21-сентябрда Бишкек «Ак илбирсти сактайбыз — 2025» кайрымдуулук марафонуна карата убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Саат 6:30дан 13:00гө чейин жолдордун төмөнкү тилкелери кыймыл үчүн убактылуу жабылат:

Чүй проспектиси (Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин);

Абдрахманов көчөсү (Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин);

Иманалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин);

Масалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, түндүк тарабы);

Чыңгыз Айтматов проспектиси (Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин).

Шаар бийлиги айдоочуларга каттамдарды алдын ала пландап, чектөөлөрдү эске алууну сунуштоодо.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар