Башкы беткеМаанилүү«Кара. Кызыл. Сары.» тасмасын Кыргызстан Оскарга расмий сунуштады

«Кара. Кызыл. Сары.» тасмасын Кыргызстан Оскарга расмий сунуштады

Кыргызстан режиссеру Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары.» аттуу толук метраждуу тасмасы 2026-жылдагы Оскар сыйлыгынын «Эл аралык мыкты тасма» номинациясына өлкөнүн расмий сунушу катары тандалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитети билдирди.

Эл аралык кинематография тармагындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири саналган бул номинация 1956-жылдан бери дүйнөнүн ар бир өлкөсүнө өз улуттук маданиятын жана көркөм мурасын чагылдырган бир тасманы сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берет.

96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 2026-жылдын 8-мартында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, аталган фильм буга чейин 21-июнда Шанхай эл аралык кинофестивалынын негизги программасында баш байгени уткан.

Тасманын чыгармачылык тобу:

  • Сценарий: Топчугүл Шайдуллаева, Актан Арым Кубат

  • Оператор: Талант Акынбеков

  • Коюучу режиссер: Орозбай Абсаттаров

  • Үн режиссеру: Марс Түгелов

  • Редактор: Евгений Крохмаленко

  • Композитор: Баласагын Мусаев

  • Башкы ролдордо: Наргиза Маматкулова, Айгүл Бусурманкулова, Мирлан Абдыкалыков

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар