whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүДемографиялык өсүштөн демденебизби же...

Демографиялык өсүштөн демденебизби же…

Кыргызстан калкынын саны көбөйүшү жана жаш үй-бүлөлөр мүмкүн болушунча көп балалуу болушу керектигин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев эл менен жолугушууларында айтып келген. Аны менен бирге эле ал тоолуу райондор үчүн төртүнчү баладан тарта онунчу балага чейин 100 миң сомдон 2 млн. сомго чейин жөлөк пул төлөө боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу каралып жатканын кабарлаган. 20-майда ал Сузак районундагы Эне менен баланы коргоо борборун ачып жатып, калктын санын көбөйтүү аялдардын ыйык милдети экенин баса белгилеп, келечекте кыргызстандыктардын саны 10 миллионго жетиши керектигин билдирди. Албетте, “айткандын билгени бар” дегендей УКМК жетекчиси мындай пикирин жүйөөлүү бир себептерге таянып айтып жатса керек. Ушундан улам биз дагы Кыргызстандын демографиялык абалына саресеп салып көрдүк.

Демографиялык өсүштөн арттабыз

Статистикалык маалыматтар боюнча 1991-жылы Кыргызстан калкынын саны 4 млн. 424 миңди түзсө, 2022-жылы калктын саны 7 миллионго жетип, 2024-жылы 7 млн. 162 миңге жеткен. А быйыл жыл башында калктын жалпы саны 7 млн. 291 миң болгону маалым болгон. Ошондо 34 жыл ичинде калкыбыздын саны болгону 2 млн. 867 миң адамга көбөйгөн. А коңшу Өзбекстан калкынын саны 1991-жылы 20 млн. 960 миң болсо 2025-жылдын апрель айында 37 млн. 687 миң адамга жеткен. Казакстандын калкы союз тараган жылы 17 млн. 28 миң болсо, быйыл казакстандыктардын жалпы саны 20 млн. 316 миңге жеткен. Тажикстан калкы СССР тараганда болгону 5 млн. 300 миң болсо, 2025-жылы 10 млн. 497 миңге жетиптир. Демек казак сатириги Турсынбек Кабатов айтмакчы, кыргыздар кыйратып деле көбөйө албаппыз. Буга албетте, биринчиден, өлкөбүздөгү экономикалык жагдай себепкер болсо, экинчиден, сырткы миграциянын таасири, өлкө ичиндеги социалдык жагдайлар, үй-бүлө институтунун, кыргыз медицинасынын алсыздыгы жана башка факторлор себепкер болгон. Коңшу мамлекеттердин калкынын санынын кескин көбөйүшүн эске алганда, азыркы демографиялык акыбалыбыз ойлондурчу маселе. Себеби, адам саны канчалык көп болсо өлкө ичинде бош, кароосуз жерлер да азайып, жерге болгон муктаждык кеңейет. Чек араларга жакын жайгашкан аймактарда туруктуу жашаган адамдардын көп болушу ошол өлкөнүн территориясынын толук сакталышын камсыздайт. Ал үчүн мамлекет климатка жараша элдин жашоо шартын жеңилдетип, туруктуу калкка материалдык  жардам бериши керек. Өкүнүчкө карай, СССР курулганга чейин, союз доорунда, андан кийин да кыргыз төбөлдөрү тарабынан бул маселеге терең маани берилбегендиктен Кыргызстандын калк аз жашаган (дээрлик жокко эсе) аймактарындагы айрым жерлерибиз коңшу мамлекеттерге өтүп кеткенин билебиз. Бул жагынан алганда, УКМК төрагасынын калк санын көбөйтүү боюнча айткан пикиринин жөнү бар.

Ата-энеге колдоо болбосо жылыш болбойт

Кыргызстандагы адам төрөлүү статистикасына саресеп салсак, 1990-жылдан 2000-жылга чейин экономикалык, социалдык кырдаалдан улам өлкөдө төрөлүү саны кескин кыскарып кеткен. 2001-жылдан 2017-жылга чейин төрөлүү саны кайра жогорулап, 2019-жылдан тарта кайра төмөндөй баштаган. А 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынан соң Кыргызстанда элет жерлеринде төрөлүү саны өсүп, шаарларда төрөлүүлөр азайган. Башка мезгилдерге салыштырмалуу 1990-жылдары жана 2005-2006-жылдары Кыргызстанда адам өлүмү көбөйүп, 2020-жылы бул көрсөткүч эң жогорку чекке жеткен.

Жогоруда цифралар көрсөтүп тургандай, жалпысынан алганда Кыргызстанда демографиялык өсүү анчейин жаман эмес. Бирок, СССР убагына салыштырмалуу азыр 10-11 балалуу болгондордун саны өтө аз. 6-7 балалуу болгон кыргызстандыктарды да арбын деп айтууга болбойт. Акыркы жылдарда жаш үй-бүлөлөрдүн көбү максимум 3-4 гана балалуу болууну каалашат. Себеби, азыркы экономикалык шартта 7-8 баланы толук кандуу асырап, окутуп, билим берүүгө бир үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгү жетпейт. Анын үстүнө Кыргызстанда өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй кош бойлуу аялдарга тынымсыз профилактикалык көзөмөл жүргүзүү, медициналык жардам көрсөтүү бир нукка түшкөн эмес. Ошол себептен кош бойлуулар көз жаргыча ар кандай психологиялык, моралдык, материалдык кыйынчылыктарга дуушар болушат. Учурда мамлекет тарабынан кош бойлуу аялдарга 7300 сом декреттик жөлөк пул жана төрөгөндө 4 миң сом сүйүнчү акча каралган. Тилекке каршы, ар кандай бюрократиялык себептерден, убаракерчиликтен жана карапайым адамдардын мыйзамдык укуктарын жакшы билишпегендигинен улам декреттик акчаны да көп аракет кылгандар гана ала алышат. Ошону менен бирге эле ушул тапта тоолуу эмес райондордогу 4-5 балалуулар балдарына жөлөк пул алышпайт. Көпчүлүк жаш үй-бүлөлөрдүн экөөндө тең туруктуу жумуш жок. Туруктуу жумуш болгон күнү да учурда орточо айлык маяна 20-25 миң сомдун тегерегинде. Бул сумма менен 4-5 эмес, 2-3 баланы татыктуу камсыз кылуу кыйынга туурары анык. Мындан сырткары, учурда бала бакча, батир, азык-түлүк, кийим-кече баалары да кескин жогорулады. Демек, дени сак балдардын көп төрөлүшү үчүн ири алдыда мамлекет тарабынан атайын социалдык-экономикалык программа иштелип чыгып, ал этап-этап менен үзгүлтүксүз ишке ашышы керек. Программа иштелип чыгып анын ишке ашышына каражат бөлүнбөй, катаал көзөмөл жүргүзүлбөй калса анда ал да ара жолдо кала берет. Муну азыркы бийлик структурасындагылар эске алышы кажет.

Акыбалыбызды оңдоо кажет

Дүйнө жүзүндө калктын өсүшү боюнча эки ача пикир бар. Айрымдар калк-тын өсүшү менен жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү жана экологиялык чыгымдарды азайтуу кыйынга турат дешсе, башкалар калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүн көбөйтүү өлкөнүн өнүгүшүнүн кепилдиги экенин айтышат. Албетте, кайсыл өлкө болбосун өнүгүүнү көздөйт. Бирок, Кыргызстандын азыркы экономикалык өткөөл шартында калктын активдүү өсүшүнөн олуттуу пайда ала алабызбы деген маселе бар. Муну айтканыбыз, азыр тышкы миграциянын күч алышынан улам эмгекке жарамдуу жаштарыбыздын көбү чет өлкөлөрдө жүрөт. Республикада ушул тапта бала бакчалар, мектептер саны жетишсиз. Медицинанын алсыздыгынан улам мамлекеттик, жеке менчик ооруканаларда кезек күткөндөр арбын. Медициналык тейлөө сапаты начар. Ар жылы өлкөбүздө жүздөгөн тубаса майып балдар төрөлүүдө. Ошондой эле азыр билим берүү системасында да көйгөйлөр бар. Акыркы үч жылда көп бала бакча, мектептер курулганы менен дагы да болсо мектептер жетишсиз. 2024-жылга карата республикада 2377 мектеп, 1824 бала бакча бар экени аныкталган. Бир жыл ичинде дагы көп мектептер курулду. 2025-жылга  карата 12 жылдык окутуу системасына өтө баштасак мектеп жетишсиздиги дагы курч болот. Мунун баарын өз убагында чечүү үчүн билим берүү тармагын каржылоо тартибин кайрадан карап чыгуу керек болот. Башкасын коё туруп борбор калаа Бишкекти алсак, учурда педиатрлар жана адистешкен балдар ооруканалары жетишсиз. Анын үстүнө борбордук балдар ооруканаларына алыскы региондордон агылгандардын саны арбын болгондуктан кайсыл ооруканага, жеке менчик клиникаларга барба чыңалуу бар. Мунун баарын жөнгө салбай туруп калктын санын көбөйтүү мамлекетке канчалык пайдалуу?! Буга азырынча так жооп берчү мамлекеттик орган жок.

Эмнени эксек, ошону алабыз

Демографиялык дивиденддерди алып, экономикалык өсүүгө жетишүүдө гендердик теңчилик менен үй-бүлөнү пландоо негизги факторлордун бири. Кыргызстанда көпчүлүк жаштар муну эске алышпайт. Төрөлгөн балдардын аралыгы бир, бир жарым жыл болгондуктан балдардын да, аялдардын да саламаттыгы талаптагыдай эмес. Узак жылдар бою балдарды багуу, майып балдарын кароо менен өткөн кыргыз энелер билим алуудан, иштеп тажрыйба топтоодон, руханий, маданий жактан өсүүдөн куру жалак калышкан. Өкүнүчкө карай мындай энелерден тарбия алган баланын келечеги кенен болушу күмөн. Эксперттердин айтымдарында, кыргызстандык аялдар эң продуктивдүү мезгили болгон 18 жаштан 30 жашка чейин балдары менен үйдө отурушат. Ошол эле куракта жогорку билим албай, иштебей эрте үйлөнүп алган жигиттердин болгон аракети үй-бүлөсүн камсыздоо менен болуп калат. Ошондуктан мамлекеттин бирден бир негизги милдети жаштардын энергиясын, убакытын, билимин туура, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө пайда алып келе тургандай пайдалануу болушу керек. Башкача айтканда, багыттуу демографиялык саясатты жүргүзүү учур талабы болуп турат. Ошондуктан азыркы бийлик жаштар менен эсептешип, мамлекет аларга камкордук кылып жатканын сездириши кажет. Башкасын айтпай эле коёлу, азыр эки-үч балалуулардагы негизги көйгөй турак жай, туруктуу жумуш, балдарына татыктуу билим берүү, канааттандырарлык медициналык жардам алуу. Эгер мамлекет алгач ушул үч маселени жеңилдете алса, сыртка кетем деген жаштарда ишеним, үмүт, мекениме иштейм деген энергия пайда болот. Болбосо, калк саны канчалык көбөйбөсүн орусча айтканда андан экономикага эч кандай “отдача” болбойт. Тескерисинче, мамлекеттик казынага жөндөмсүз, алсыз, ишенимсиз үй-бүлөлөрдөн оорчулук гана жаралат.

 
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар