Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАрмения менен Түркия алакасын жакшыртууда

Армения менен Түркия алакасын жакшыртууда

Армения менен Түркиянын алакасын жакшыртуу аракетинин алкагында июнь айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Анкарага барып, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкан.

Ушул саясий жылуулуктун фонунда Turkish Airlines компаниясы Ереван шаарына түз аба каттамын ачуу ниетин билдирди. Авиакомпаниянын маалыматына караганда, жаңы багыт жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына жараша ишке кирмекчи.

Бул кабар 12-сентябрда Арменияда өткөн атайын өкүлдөр Рубен Рубинян менен Сердар Кылычтын жолугушуусунан кийин чыкты. Жолугушуунун жыйынтыгында Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тараптар башка авиакомпанияларга да шарт түзүп берүү боюнча макулдашканын, ал эми жаңы каттамдар 2026-жылдын жай айларынан тарта ачыла башташы мүмкүн экенин билдирди.

Расмий дипломатиялык мамилелер азырынча түзүлбөсө да, аба каттамдары боюнча бул кадам эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууда маанилүү жаңылык катары бааланууда. Бирок негизги тарыхый талаш маселе — 1915-жылдагы Осмон империясындагы армяндардын массалык кыргыны боюнча пикир келишпестик дале уланып келет: Армения жана бир катар мамлекеттер аны геноцид деп тааныса, Түркия бул аныктаманы четке кагып келет.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар