Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт.

Бул жылы талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы колдонулууда. Ал документтерди онлайн берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, талапкерлердин маалыматтары мыйзам талаптарына шайкештиги “Түндүк” системасы аркылуу текшерилет.

БШК белгилегендей, саясий партиялар көп мандаттуу ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди партиянын съездинде жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтүшү керек. Ошондой эле талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы өкүлчүлүк талап кылынат.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлер БШКга арыз тапшыруу менен көп мандаттуу округ боюнча шайлоого катышуу ниетин расмий билдире алышат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар