Өзбекстандын мамлекеттик чек араларында Bayraktar учкучсуз учуучу аппараттары менен жабдылган жаңы атайын бөлүк күжүрмөн нөөмөткө киргизилди. Бул тууралуу 13-январда президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйынында Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) төрагасы Баходир Курбонов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мамлекеттик чек араны коргоо системасын ири масштабда модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда чек аранын 42 пайызы видеокөзөмөл системалары менен жабдылып, 1117 чакырым оптикалык-була байланыш линиялары тартылган. Чек ара бөлүктөрү заманбап дрондор менен камсыздалган.
МККнын маалыматына ылайык, чек ара аскерлери авто-бронетехника менен 98 пайызга, суу транспорту менен 88 пайызга, курал-жарак жана ок-дарылар менен 100 пайызга, электрондук-оптикалык каражаттар менен 78 пайызга камсыздалган. Ошондой эле күжүрмөн даярдык боюнча иш-чаралардын интенсивдүүлүгү жана сапаты жогорулатылган.
Мамлекеттик коопсуздук кызматы эл аралык аэропортторду кайтарууну да өз карамагына алган. “Лочин” бригадасы кайра түзүлүп, кыска убакытта анын курал-жарагы толук жаңыланып, 100гө жакын техника алмаштырылган. “Ташкент” жана “Ташкент-Хумо” аэропортторунда контрольно-патрулдук топторго негизделген жаңы коопсуздук системасы киргизилген. Бул тажрыйба 2026-жылдан тартып Өзбекстандын бардык аэропортторунда колдонулат.
Жыйында өлкөгө коркунуч жараткан негизги төрт багыт белгиленди: терроризм, мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү трансчек аралык коркунучтар, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана коррупция. Курбоновдун айтымында, 2025-жылы Өзбекстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө пландалган 11 террордук акттын алдын алуу мүмкүн болгон.
Мындан тышкары, чек араны чыңдоо чараларынын натыйжасында мыйзамсыз өтүүлөр 1,5 эсеге кыскарып, кармалган товарлардын жана материалдык баалуулуктардын көлөмү 20 пайызга өскөн. Баңгизаттарга каршы күрөш да күчөтүлүп, 2025-жылы 3600 килограммдан ашуун наркотикалык заттар алынып, миңдеген адамдар жоопкерчиликке тартылган.
Белгилей кетсек, түрк өндүрүшүндөгү Bayraktar TB2 учкучсуз аппараты 12–24 саатка чейин абада боло алат, 150 чакырым аралыкта башкарылып, төрт башкарылуучу ок-дары алып жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул чек арада туруктуу аба көзөмөлүн жүргүзүүгө шарт түзөт.


