Башкы беткеМаанилүүАйсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингден чыгарылды

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингден чыгарылды

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш (UWW) түзгөн жаңыланган рейтингден чыгарылды. Бул чечим Хорватияда 13–21-сентябрда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгынан кийин жарыяланды.

Эске салсак, Тыныбекова Париж Олимпиадасында коло медаль уткан соң чоң спорттон кетерин билдирген. Андан кийин ал Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланып, жакында UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү да болгон.

2024-жылдын аягында ал 62 кг салмак ченинде дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турган. Апрель айында Азия чемпионатынан кийин бешинчи орунга, июнда жетинчи орунга түшүп, акыркы дүйнө чемпионатынан кийин тизмеден толугу менен чыгарылды.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар