Башкы беткеЖогорку КеңешДепутат: Мугалим менен дарыгерлердин айлыгын инфляцияга жараша көтөрүү керек

Депутат: Мугалим менен дарыгерлердин айлыгын инфляцияга жараша көтөрүү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын инфляцияга жараша көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал билдиргендей, Улуттук банктын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда өлкөдөгү акчанын көлөмү 330 млрд сомдон 540 млрд сомго чейин көбөйгөн. Акча көлөмүнүн көбөйгөнү өлкөдөгү инфляцияны да көрсөтүп турат.

Электр энергиянын баасы инфляцияга карап көтөрүлүп жатканын айткан депутат айлыктарды да инфляцияга жараша көбөйтүү керектигин белгелиди.

«Мугалимдердин жана дарыгерлердин аклыктарын карап чыгуу керек. Каржы министрлигине тапшырма берүү зарыл», — деди ал.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар