Австралиялык окумуштуулар инфаркттан кийин адамдын жүрөгүндө жүрөк булчуңунун жаңы клеткалары пайда болорун аныкташты. Бул «толук калыбына келүү» дегенди билдирбейт, бирок маанилүү факт: жүрөк жөн эле тырык болуп катып калбастан, жаңылануу процессин да жүргүзөт.
Инфаркт учурунда кандын айланышы бузулуп, кычкылтектин жетишсиздигинен жүрөк клеткалары өлөт. Организм жабыркаган жерди тырык (рубец) менен жаап коёт. Маселе мында — тырык тканы кадимки булчуңдай жыйрыла албайт, натыйжада жүрөккө иштөө оорлошот. Убакыттын өтүшү менен бул кайрадан кармоолорго (приступтарга) жана жүрөк жетишсиздигине алып келиши мүмкүн.
Буга чейин жүрөк булчуңдарынын регенерациясы (кайра калыбына келиши) көбүнчө чычкандарда гана байкалып келген. Адамдарда мындай клеткалар жабыркоодон кийин дээрлик бөлүнбөйт деп эсептелчү. Жаңы изилдөө бул бөлүнүү процесси адамда да болорун көрсөттү.
Жүрөктүн тирүү ткандарын изилдешкен окумуштуулар тобу жаңы клеткалардын табигый түрдө пайда болушу инфаркттын кесепеттерин толук жоюуга жетишсиз дешет. Бирок бул натыйжалар келечекте ушул эффектти күчөтө турган дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга чоң үмүт берет.

