whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.02.2026
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл...

Президент Садыр Жапаров АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америкалык саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле транспорт, санариптештирүү, финансы технологиялары, жасалма интеллект жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде эки жана көп тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине токтолду.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, бул контекстте “B5+1” (Business 5+1) платформасынын маанисине өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, бүгүн Бишкекте ишин баштаган “B5+1” экинчи диалогдук форуму Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана аймактык өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Президент Кыргызстан “C5+1” (Борбордук Азия — АКШ) форматындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Акыркы он жыл ичинде бул платформа Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө натыйжалуу механизм катары өзүн көрсөттү.

Өз кезегинде АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровго АКШнын Президенти Дональд Трамптын саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.

Ал Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Серджио Гор экономикалык дипломатияга өзгөчө басым жасап, Бишкекке “B5+1” форумуна катышуу үчүн АКШнын ири бизнес делегациясы келгенин белгилеп, бул соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жана Элчи Серджио Гор америкалык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар