Башкы беткеМаанилүүБишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Айбек Жунушалиевдин буйругу менен буга чейин кармалган мэрдин орун басарлары Жамалбек Ырсалиев менен Таалайбек Байгазиев иштен бошотулуп, кызматтары жоюлду.

▪️Алардын функциялары департамент директорлоруна өткөрүп берилди. Тагыраагы, эми шаардын отун-энергетика комплекси жана транспорттук блогун Отун-энергетика комплекси департаментинин директору Нургазы Курманбеков тескейт

▪️Транспорт жана жол оңдоо функциясы Жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге жүктөлдү

▪️Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Шеримбеков (ал да кечээ кармалган) кызматынан бошотулуп, ордуна Талгат Бекбоев дайындалды

▪️Ленин районунун акими, Жогорку Кеңештин спикеринин бир тууганы Жыргалбек Шакиев да иштен бошотулду (анын кызматтан кеткен себеби көрсөтүлгөн эмес). Жаңы аким болуп Тариэл Айтиев дайындалды

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар