Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨлкө боюнча эң мыкты мектеп ашпозу аныкталат

Өлкө боюнча эң мыкты мектеп ашпозу аныкталат

2-июнда Кыргызстан боюнча мектеп ашпоздору арасындагы жыл сайын өтүүчү “Мыкты ашпозчу – 2025” конкурсунун тандоо туру башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, быйыл 400дөн ашуун ашпоз катышып жаткан сынактын максаты – мектеп тамак-ашын даамдуу, пайдалуу жана коопсуз кылуу. Тандоо туру бир нече этаптан турат: санитардык эрежелер боюнча онлайн-тест, ата-энелер менен блиц-турнир жана практикалык тапшырмалар. Ашпоздор мектептик рецепттерге ылайык тамак даярдап, алардын ишин калыстар тобу жана окуучулар баалашат.

Мындан тышкары, “Бирге тамак жасайбыз” деген үй-бүлөлүк мастер-класстар өтөт. Ата-энелер жана балдар пайдалуу меню түзүүнү, тамак жасоону үйрөнүшөт. Финал 5-ноябрда Бишкекте өтүп, эң мыкты аймактык ашпоздор кулинардык батлга чыгышат.

Конкурсту Агартуу министрлиги, БУУнун Азык-түлүк программасы жана Россиянын SIFI институту уюштурууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар