Башкы беткеМаанилүүМинистрлер Кабинетинин Төрагасы Түркия Республикасынын Вице-президенти менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Түркия Республикасынын Вице-президенти менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий жумушчу сапары менен келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту.

МинКаб Төрагасы ардактуу мейманды жылуу тосуп алып, анын Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берерине ишеним билдирди.

“Биздин салттуу достук жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз жигердүү өнүгүп жатканын кубануу менен белгилеймин.Өткөн жылдын 5-ноябрында эки өлкөнүн Президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн. Сиздин расмий сапарыңыздын алкагында Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү эки тараптуу кызматташуу үчүн чоң мааниге ээ. Бүгүн бизде кыргыз-түрк күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар», — деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз кыргыз тараптын меймандостук жана жылуу кабыл алгандыгыүчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки тарапты кызыктырган көптөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын белгилешти.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар