Жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Министрлер кабинети Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечимдин максаты — жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма чөйрөдө багуу жана көбөйтүү тармагындагы мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле мыйзамдардагы шайкеш эместиктерди жоюу болуп саналат.

Токтомго ылайык, Кыргызстан аймагында жаныбарларды кармоо жана көбөйтүү боюнча бирдиктүү эрежелер бекитилди.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз