Транспорт министрлигинин алдында жаңы ишкана түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, мекеменин башкы директору болуп Акылбек Мусабаев дайындалды. Дирекция долбоорду жалпы башкаруу, ишке ашырууну координациялоо, каржылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана социалдык, экологиялык, техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө милдеттерин аткарат.

Маалыматка ылайык, Барскоон – Бедел унаа жолунун узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Ал Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылын Кытай менен чектешкен «Бедел» өткөрмө пункту менен байланыштырган стратегиялык маанилүү транспорттук коридор болот. Долбоордун алкагында эки тоннель, 30дан ашык көпүрө жана коргоочу инженердик курулмалар курулат.

Белгилей кетсек, курулуш иштери 2025-жылдын 26-августунда башталган. Долбоор 5 жыл ичинде ишке ашырылып, негизги иштер 2029-жылы аяктап, 2030-жылы жол толук пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз