NASAнын маалыматына ылайык, Orion космос кемеси Айды айланып уча баштады. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазды.
Кеме Artemis II миссиясынын алкагында төрт астронавт менен учууда. Учуу учурунда экипаж илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, Айдын бетиндеги 30дан ашык объектти сүрөткө тартат. Айды айланып учуу болжол менен жети саатка созулат.
Бул аралыкта астронавттар Айдын бетиндеги 35 объектти байкап, ошондой эле Меркурий, Венера, Марс жана Сатурн планеталарын изилдешет. Кеме Айга эң жакын учурда анын бетинен 6550 чакырым аралыкта болот. Экипаж Айдын күн тийген бөлүгүн беш саатка жакын убакыт байкап, батыш тарабындагы Mare Orientale кратерин ар кандай бурчтан изилдейт.
Orion кемесин NASAнын астронавттары Рейд Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана Канаданын космос агенттигинин өкүлү Жереми Хансен башкарууда. Кеме өткөн жумада Флоридадагы космодромдон оор жүк көтөрүүчү SLS ракетасы менен учурулган.
Миссиянын жыйынтыгында кеме Айды бир айланып чыгып, 10 күндөн кийин Тынч океанына конуп, Жерге кайтып келет.

