АКШ, Филиппин жана союздаш өлкөлөр биргелешкен аскердик машыгууларды баштады

АКШ менен Филиппин жыл сайын өткөрүлүүчү биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Быйылкы машыгууларга Япония биринчи жолу активдүү катышып жатат. «Салакниб» аталышындагы машыгуулардын ачылыш аземи Лусон аралында өттү. Жалпысынан машыгууларга 7 миңге жакын аскер кызматкери катышат. Алардын катарында Австралия жана Жаңы Зеландиянын өкүлдөрү да бар.

Япониядан 420дай аскер кызматкери катышып, башкаруу жана координация боюнча биргелешкен аракеттерди аткарып, ок атуу машыгууларына да катышат. Буга чейин Япония бул машыгууларга байкоочу катары гана катышып келген. Бирок Токио менен Маниланын ортосунда коопсуздук боюнча кызматташтык келишими күчүнө киргенден кийин, жапон тарап толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Филиппин армиясынын өкүлдөрү жапон аскерлеринин тажрыйбасы жергиликтүү күчтөр үчүн пайдалуу болорун белгилешти.

Япония тарап болсо аймактагы коопсуздук шарттары татаалдашып жатканын айтып, АКШ жана башка өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте Индо-Тынч океан аймагында туруктуулукту сактоого багытталган аракеттерди күчөтүп жатканын билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз