Өкмөт максаттуу трансферттерди бөлүү тартибин өзгөрттү

Министрлер кабинети республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы тартипке ылайык, каржылык жардам шаарларды, өнүгүүнүн таяныч борборлорун, ошондой эле бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек ара аймактарын өнүктүрүүгө багытталат.

Документте белгиленгендей, максаттуу каражаттарды бөлүүгө Министрлер кабинетинин чечими негиз болот. Трансферттер жергиликтүү кеңештерге инфраструктураны жана экономиканы жакшыртууга багытталган программаларды ишке ашыруу үчүн берилет.

Ошол эле учурда бюджетти пландоо жана аткаруу боюнча жооптуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнмөлөрүн республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карайт.

Каржылоонун негизги шарттарынын бири — жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугу болуп саналат. Максаттуу трансферттер аймактардын өнүгүүсүндөгү айырмачылыктарды азайтуу жана жер-жерлерде экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу инструменти катары каралууда.

Жаңыланган тартипке ылайык, каражаттар учурдагы муктаждыктарга гана эмес, 2030-жылга чейинки мамлекеттик өнүгүү программаларында каралган узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорго да багытталышы мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз