Бүгүн бизде мейманда психолог Гүлзат Исабекова. Ал учурда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу балдарга жардам берүү борборунда иштейт. Ошондой эле эки ажырым жолго түшүүнүн алдында турган жубайлар менен да иш алып барат. Гүлзат Исабекова «канткенде ажырашууларды азайта алабыз, канткенде үй-бүлөлүк институтту бекемдей алабыз» деген суроолорго жооп берди. https://youtu.be/Gj7SN-g1vrw?si=zSeB3coexoHQIMKi
– Гүлзат айым, айтсаңыз, балдарга кандай жардам көрсөтүп иштейсиз?
– Биз ата-энеси ажырашып кеткен балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле, эки ажырым жолго түшкөн жубайлардын балдары алардын кимиси менен жашашы керектигин аныктайбыз. Башкача айтканда, бала эмоционалдык жактан апасына жакынбы же атасына жакынбы? Бала үчүн апасы менен жашаган оңбу же атасы мененби? Ата-энелер менен сүйлөшүп, баарлашып, психологиялык изилдөө жүргүзөбүз.
– Соттук процесске келбей койгон ата-энелер да болсо керек?
– Жүздүн бирөөсү эле келбей койбосо, 99 пайыз ата-энелер келишет. Себеби, бул алардын каалоосуна, же тандоосуна көз каранды эмес. Себеби, соттук процесс оюнчук эмес. Аларга деле биздин психологиялык аныктамабыз маанилүү.
– Адамдардын ички абалы жөнүндө сүйлөшсөк. Ажырашуу тууралуу ой келе баштаганда өзүң менен кандай иштешиң керек? Курбуңдан кеңеш сурашың керекпи, же..?
– Мени сүйүндүргөнү азыр көп үй-бүлөлөр ажырашуунун алдында турганда бизге консультацияга келип калышты. “Балким, биз туура эмес кылып жатабыз. Бири-бирибизге, балдарыбызга мүмкүнчүлүк береличи”, – деп кайрылышат. Бир эмес бир нече жолу келип, сүйлөшүп, кеңеш алып кетишет. Канча бир убакыт өткөндөн кийин социалдык тармактар аркылуу кат жазышат: “Эже, ошондо келгенибиз жакшы болуптур. Биз бири-бирибизди уккубуз келбей, балабыздын кызыкчылыгын ойлобой, жеңил ойлуулукка алдырып ажырашалы деген чечим чыгарыппыз. Азыр бардыгы сонун. Жолдошум мени түшүнүп калды, мен жолдошумду укканды үйрөндүм”, – деп. Мындай каттарды алганда албетте кубанычта болобуз. Айрым учурда психологдун жардамынан кийин жарым жыл жакшы жашап, бирок кайрадан көйгөйлөр жарала баштаганда кайрадан келгендер да бар. Азыркы муундун психологдун жардамы деген эмне экенин түшүнүп, кайрылып жаткандары мени абдан сүйүндүрөт.
– Адистердин кеңешин алып көрбөгөн, бирок, ажырашуунун алдында турган үй-бүлөлөргө кандай кеңеш бере аласыз? Кайсы суроолорго жооп алгандан кийин ошол чечимге барганы туура болот?
– Үй-бүлө эмне үчүн ажырашып кетет деген суроонун жоопторун тизмектей турган болсок, биринчиси жана эң орчундуусу, эгер күйөөсү аялын уруп-соксо, зомбулук көргөзсө. Аялды аял катары кабыл албай, үй кызматкери катары көрүп эмнеге тамак жок, эмнеге үй жыйналган эмес, эмнеге кийимдерим таза эмес деген гана талаптарды коюп, ошонун негизинде чыр чыгарып урган учурлар болгондо. Биздин кыргыз аялдарынын ажырашуусунун эң биринчи себеби — зомбулук. Экинчи себеп, ичкилик, кумар оюндары. Үчүнчүсү, аялынын көзүнө чөп салуу.
– Сиз биринчиси зордук-зомбулук деп жатасыз. Бирок, мен көп угам. Улуу муундун өкүлдөрү: “Бизди деле уруп-сабачу. Бирок, биз унчукпай чыдап жашачубуз. Азыркы жаш келиндер сөз көтөрө албайт. Болбогон жерден ажырашып кетишет”, – деп калышат. Бирок, менимче эскиче ой жүгүрткөн, эл эмне дейт дегендер чогуу жашап жүрө бергендей сезим калтырат.
– Бул суроого бир жактуу жооп бере албайм. Бул көйгөй бар жана ал чечилген жок. Эгерде үй-бүлөдө зордук-зомбулук болуп жатса, ал жерде эң биринчи бала жабыркайт. Ата-энесинин урушун, кыйкырыгын, агрессиясын уга берип, коркуп, чочуп калган баланын энурез болуп калганы, коркок, өзүнүн оюн толук жеткире албай калганы, мектепке барганда классташтары менен сүйлөшө албай калганы чоң көйгөй. Зордук-зомбулукту көрүп чоңойгон балада дайыма тынчсыздануу болот. Андан да эң жаманы ал невроз болуп калат.
Зомбулук көрүп жаткан аял эмне үчүн басып кете албайт. Себеби, аялда коркуу сезими бар. Жашоом кандай болот, колдой турган, түшүнө турган адам жок. Чыдап койсоң болмок да дегендер ал аялдын чечим чыгарып кескин кадам чыгаруу-суна жол бербейт.
– Баарынан да балдарга оор болот деп жатасыз. Ата-энелер балдары үчүн кандай кадамдарды жасашы керек?
– Адатта бизде ажырашкан жубайлар урушуп, мушташып, экинчи бет карашпагыдай болуп ажырашышат. Эгер балдар атасынын колунда калса, анын туугандары апасын жамандап: “Сени таштап кетти. Сенин апаңа керегиң жок”, – деп баланы психологиялык жактан жабыркатышат. Бала чынында эле апам бизди таштап кетиптир деген ойдо калат. Тескерисинче, бала апасында калса, атасы жөнүндө терс информацияларды бере беришет. Мындай учурда ал бала ата-энесинин ажырашып кеткенинен эмес, ошондой кишилердин баласы болгонуна арданат, ызаланат. Мисалы, 7 жашында ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн бала 15-16 жашка чыкканда ата-энесине болгон жек көрүүсүн, нааразычылыгын көрсөтөт. Үйдөн качып кетиши мүмкүн. Эч ким менен сүйлөшпөй коюшу ыктымал. Наркотикалык заттарга берилип кетиши мүмкүн. Башкача айтканда, кесепети кийин чыгат. Биз чоңдор өзүбүздү эле ойлой берип, ортодогу балдарды унутуп коебуз. Канча деген ата-энелерди кабыл алдым. Бирок практикамда: “Биз бирге жашай албай калдык. Бири-бирибизди түшүнө албай калдык. Балабызга зыяны тийбегидей кылып кантип түшүндүрсөк болот”, – деген 2 эле үй-бүлөнү көрдүм.
Кээ бир ажырашууларга кайын журт таасир берип коюшу мүмкүн. Келинден кемчилик издеп атып, экөөнү уруштуруп жатып, акыры кетирип тынышат. Бизге келген аялдардын ажырашуусунун 60 пайызы кайын журттун кийлигишүүлөрүнөн келип чыккан. “Кайненем жашообузга кийлигише берди. Жолдошум мага болушкан жок, ал үйлөнгөндөн кийин мени ошол үй-бүлөгө эле салып берип койду. Экөөбүздүн мамиле курганга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Же болбосо жолдошум үйлөнгөндөн кийин Россияга кетип калды, мен кайын журт менен калдым”, – деген сыяктуу негиздерди айтышат.
Ал эми ажырашуунун 30 пайызы күйөөсү ала жипти аттагандан, үй-бүлөгө көңүл бурбай койгондуктан, ургандыктан келип чыгат. Бул 2022-жылдын статистикасы.
– Бул статистика өзгөрдүбү же өзгөрүшү мүмкүнбү?
– Акыркы жылдары үй-бүлө курган түгөйлөрдүн көйгөйлөрү бир аз башкача. Азыр үй-бүлөнү сактап калуу эки гана адамдан көз каранды болуп калды. Алар жаштыкка салып, ой токтотпогондуктан эле эки ажырым жолго түшүп кеткен учурлар кездешет. Аларды сыртынан карасаң бири-бирин жакшы көрүшөт, сыйлашат, каалоолору бир. Бирок, эмоцияга алдырып катуу урушуп кетишкен дагы эки ажырым жолго чейин жетип калышкан.
– Мисалы…
– Бир жолу жаш эле жубайлар келишти. Экөөнү тең уктум. Кичинекей эле нерсенин айынан пикирлери келишпей кайым айтыша кетишкен. Келинчеги ачуу-су менен кетем дептир. Бирок, ал оюнда жолдошу кечирим сурайт деп күткөн. Жолдошу болсо келинчегинин кылыгына, кыпындай нерсеге таарынып, чоң уруш чыгарганына капа болуп: “Кетсең кет”, – деп койгон. Кыз апасынын үйүнө кетип калды, жолдошу артынан барбай койду. Биз экөөнүн элдешип калганын күттүк. Бирок, 6 айдан кийин сотко ажырашуу тууралуу арыз жазышты.
– Бүгүнкү күндө “өзүңдү сүй, өзүңдү сыйла, чек араңды корго” деп кеңеш берген курстарды окуткан коучтар өтө көп. Булар үй-бүлөнүн бузулушуна
таасирин тийгизип жаткан жокпу?
– Биздин коом коуч, психолог, үй-бүлөлүк институт деген түшүнүктөргө даяр болбой туруп эле келип калдык. Мисалы, Европада коучтардын, психологдордун айткандары, дегендери жаңылык эмес. Аларда психологго баруу кадимки көрүнүш. Үй-бүлөлүк институт деген түшүнүк аларда 100 жыл мурун калыптанган. Европада менталитет башка, ой жүгүртүү башка. А биз окуган китептердин, лекциялардын, изилдөөлөрдүн бардыгы ошол Европадан, Америкадан, Россиядан келген. Келгенде дагы жай, шашпай, жумшак келбей, шар келип калды. Ошондуктан, мунун да таасири болушу ыктымал.
– Аялдар азыр “Ханыша” деген сыяктуу курс-тарды онлайн, офлайн окуп, күйөөлөрү үчүн мыкты жубай болууга аракет кылып, изденишет. Сиз билгенден эркектер үчүн ошондой окуулар барбы?
– Үй-бүлөдө эки жооптуу киши болгондон кийин, анын бекем болушуна эки адам тең бирдей аракет кылыш керек. Менин практикамда мага келген айымдар: “Ошол курстардын баарын окуп көрдүм. Тайпада 100 киши окусак анын жарымына жакшы жардамы тийсе, жарымына таасири болгон жок”, – дешет. Ошондой болот, анткени, бир эле кеңеш бардык үй-бүлөгө туу-ра келбейт. Мисалы, бирөөнүн жолдошуна мактоо, колдоо жагат, а бирөөнө жакпайт. Аялдардын да, эркектердин да психотиби көп. Ар бир адамдын кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү ар башкача. Ошондуктан, бир кеңеш бардык адамга туура келе бербейт. Мага бир айым келгени эсимде. Ал да жолдошу менен болгон мамилесин жакшыртам деп атайын курс окуган экен. Күйөөсү жумуштан келгенде боенуп, жасанып, жаңы кийим кийип тосуп алган экен. “Сен эмнеге жасанып алгансың”, – деп кызганып, уруш-талаш, жаңжалга айланып кеткенин айтты эле.
Бул материалдын толук видео версиясын “Кыргыз Туусу” гезитинин Ютуб каналынан көрсөңүздөр болот. https://youtu.be/Gj7SN-g1vrw?si=zSeB3coexoHQIMKi
А.АКИМБАЕВА