Башкы беткеМаанилүүМаданият мекемелерине автоунаалар тапшырылды

Маданият мекемелерине автоунаалар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшыруу аземине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө МинКаб башчысы маданият тармагын каржылоонун көлөмү акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылга карата бул көрсөткүч 6,9 млрд сомго жетип, дээрлик 2,5 эсеге көбөйгөн.

Ошондой эле ал маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады. Тактап айтканда, 2026-жылы 176,9 млн сомго ата мекендик өндүрүштөн чыккан 117 автоунаа сатып алынып, маданият мекемелерине тапшырылды.

МинКаб башчысы бүгүнкү күндө маданият мекемелеринин балансындагы автоунаалардын көпчүлүгү эскирип кеткенин белгилеп, жаңы транспорт каражаттары кызматкерлердин ишин жеңилдетип, тармактын өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

“Бул унаалар элге кызмат кылып, маданиятты жайылтууга, жаш муундарды тарбиялоого жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоого көмөк көрсөтөт”, – деди ал.

Мындан тышкары, Касымалиев экономиканын өсүшүнө жараша маданият тармагын каржылоо мындан ары да көбөйөрүн белгилеп, ошол эле учурда маданият мекемелерин өз алдынча киреше табууга жана рентабелдүүлүгүн жогорулатууга чакырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар иштери министрлигине бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар