Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын Премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды.
Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу коркунучтарга каршы туруу маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров тынчтык жана достук мамилелерди сактоо туруктуу өнүгүүнүн негизин түзөрүн белгилеп, “трансулуттук коркунучтар менен күрөшүү биргелешкен аракеттерди талап кылат” деди.
Президент терроризмге каршы күрөш, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу, киберкоопсуздук жана агартуу иш-чараларын негизги багыт катары атады.
Өз кезегинде, катышуучулар “Борбор Азия – Индия” форматындагы диалогду кеңейтүүгө жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдиришти.

