Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭмгек министрлиги: “Британияга жумушка жөнөтөбүз” деген алдамчылык көбөйдү

Эмгек министрлиги: “Британияга жумушка жөнөтөбүз” деген алдамчылык көбөйдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Британияга жумушка орноштуруу тууралуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, айрым шылуундар жарандарга “Британияга акысыз жумушка орношобуз” деп убада берип, кийин медициналык камсыздандыруу, билет жана банк эсеби үчүн акча талап кылышууда. Алар жасалма документтерди жөнөтүп, баш тарткандарды “кара тизме” менен коркутушат.

Борбор жарандарды паспорттун көчүрмөсүн берүүдө сак болууга, ошондой эле +44 же +1 коду менен башталган номурлар аркылуу байланышкан адамдарга ишенбөөгө чакырды.

Расмий маалымат боюнча, Британияга сезондук жумуштарга алты айга чейин гана уруксат берилет, ишке орношуу акысыз, ал эми виза жана билетке төлөм эмгек келишиминен кийин жүргүзүлөт.

Онлайн каттоо migrant.kg сайты аркылуу гана ишке ашырылат, шектүү учурларда 1899 номуруна кайрылууга болот.

2025-жылдын башына карата 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөдө миграцияда жүрөт.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар