Африка Биримдигинин экономикалык өнүгүү, соода, туризм жана өнөр жай боюнча комиссары Франциска Тачуоп Белобе Түркиянын курулуш, өндүрүш жана логистика жаатындагы тажрыйбасы Африка өлкөлөрүнүн өнөр жай максаттарына жетишүүсүнө чоң жардам бере аларын белгиледи.
Белобе бул тууралуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түркия–Африка ишкердик жана экономикалык форумунда (TABEF) айтты. Форум Түркиянын Соода министрлигинин демилгеси менен, Африка Биримдигинин жана Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) колдоосу алдында өтүп жатат.
Комиссар инфраструктура жана индустриализацияга инвестицияларды көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, дүйнөлүк экономика азыр жеткирүү чынжырларындагы бузулуулар, азык-түлүк жана энергия коопсуздугу, климаттык өзгөрүүлөр жана геосаясий чыңалуу сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтты.
Анын айтымында, Түркия менен Африканын потенциалы бул чакырыктарды биргеликте жеңүүгө жетиштүү. Белобе кызматташтыктын негизги багыттары катары өз ара соода жана инвестицияны кеңейтүү, инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылуу жана инфраструктурага артыкчылык берүү зарыл экенин белгиледи.
Ал Түркия менен Африканын мамилелери өз ара урмат-сый, тилектештик жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө негизделгенин кошумчалады.

