“Ынтымак Ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюшту.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-февралында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Ал эми 27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, ага Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттик чек арасы боюнча бир келишим, эки макулдашуунун долбоору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан депутаттардын талкуусуна сунушталган. Мында УКМК төрагасы чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын жана мурдагы эки ача пикирлер боюнча бир пикирге келишкенин билдирген. Парламенттин комитетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик чек ара келишимин талкуусуз эле жактырышкан.