whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКадамжайда жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды

Кадамжайда жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы курулуш үчүн мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жайыт жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2016-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси М.А. мыйзам бузуу менен 14,5 га жайыт жерлерин калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өзгөртүү жөнүндө буйрук чыгарган. Бирок мындай буйрукту чыгарууга Министрлер Кабинети гана укуктуу.

2016-жылдан 2021-жылга чейин жогоруда аталган буйруктун негизинде Ирелеш айылынын жергиликтүү тургундарына жеке курулуш үчүн жер участоктору берилип, аларга «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн соттук иштердин натыйжасында, аталган 14,5 га жер тилкеси жайыт жерлердин баштапкы категориясына которулуп, анын ичинен 6 га жер тилкелери Исхак-Полотхан (Халмион) айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар