Башкы беткеРубрикаларАймактарОш шаарында төрт жаңы суу сактагыч ачылды

Ош шаарында төрт жаңы суу сактагыч ачылды

Ош шаарында төрт жаңы суу сактагычтын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ак-Буура дарыясынын жээгинде, мурдагы эски бассейндин ордуна курулган жаңы суу сактагычтардын жалпы көлөмү 24 миң куб метрди, ал эми жалпы аянты 5 миң 450,7 чарчы метрди түзөт.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, ар кандай себептерден улам шаарда суу берүү убактылуу токтоп калса, бул суу сактагычтар аркылуу шаардын чыгыш бөлүгүнө үзгүлтүксүз суу жеткирүү камсыздалат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар