Башкы беткеМаанилүүАяна Асамаликова КМШ оюндарында алтын медаль жеңди

Аяна Асамаликова КМШ оюндарында алтын медаль жеңди

Азербайжандын Гянджа шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) оюндарында кыргызстандык спортчу Аяна Асамаликова эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу турнирдин уюштуруучулары кабарлашты.

Мелдеш 3–6-октябрь күндөрү өтүп, Асамаликова 69 килограмм салмакта атаандаштарын утуп, чемпион аталды.

Мындан тышкары, кыргызстандык дагы үч балбан коло медалга ээ болушту:

  • Асема Төрөгелдиева — 53 кг
  • Сезим Жолдошбекова — 57 кг
  • Акылай Чыныбаева — 61 кг

КМШ оюндарында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын машыктыруучу Нурсултан Аскарбеков жетектеди.

Бул жеңиш кыргызстандык спортчулардын эл аралык аренадагы ийгиликтеринин дагы бир далили болуп саналат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар