Кышкы Олимпиада–2026: ачылыш аземине билеттер 2000 еврого чейин бааланууда

2026-жылы Италияда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине билеттердин баасы белгилүү болду. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, ачылыш салтанатына катышуу үчүн билет баалары 260 евродон 2000 еврого чейин сатылууда.

Ачылыш аземинин негизги темасы «Гармония» деп аталып, ал Олимпиада тарыхында биринчи жолу төрт жерде бир убакта өтөт. Тактап айтканда, салтанат Миландагы атактуу Сан-Сиро стадионунда, ошондой эле Кортина-д’Ампеццо, Ливиньо жана Предаццо шаарларында уюштурулат.

Мындан тышкары, ачылыш аземинде дүйнөгө таанымал америкалык ырчы Мэрайя Кэри сахнага чыгып, атайын концерттик программа тартуулайт. Уюштуруу комитети анын катышуусу Олимпиаданын маданий маанисин арттырарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада–2026 Италияда 6-февралдан 22-февралга чейин өтөт. Оюндарга дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген спортчулар жана күйөрмандар катышары күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз