whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-5.9 C
Бишкек

Эшенаалы Арабаевдин жети томдук мурасы

               Кыргыз сыймыгы Эшенаалы Арабаевдин өмүр жолун чагылдырган илимий изилдөөлөрдүн жети томдугу жарык көрдү . Түзүүчү окумуштуулар: Т.А.Абдырахманов, А. Акунова, М.М. Эсенгулова, А.Э.Кубатова, Ж.Р.Байдилдеев. Жети томдук китеп Эшенаалы Арабаевдин эмгектерин, мамлекеттик жана коомдук саясий ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды, илимий-агартуучулук жана басма ишине негиз салган даңктуу жолун камтыйт. Ошондой эле агартуучулук, педагогикалык, коомдук-саясий, журналистикалык ишмердүүлүгүн изилдеген илимпоздордун эмгектери жана улуу инсанга арналган конференциялардагы макалалар киргизилген.
    Төмөндө жети томдукка киргизилген Эшенаалы Арабаевдин али белгисиз болуп келген Жети-Суудагы коомдук-саясий ишмердүүлүгү  тууралуу макаланы жарыялабыз.

 

Жети-Сууда калган издер

Кыргыз интеллигенциясынын 1920-1922-жылдардагы Жети-Суу облусундагы ишмердүүлүгү бизге анча белгисиз болуп келгендиги чындык. Казакстан Рес-публикасынын Президенттик архивинен алынган архивдик документалдык материалдар улуу инсандардын коомдук-саясий ишмердүүлүк бейнесин даана ачып берди. Э.Арабаевдин Түркстан Компартиясынын (КПТ) Жети-Суу облустук комитетинде бир нече кызматтарды аркалап, ар дайым кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон маселелерди коюп, Пишпек, Каракол, Нарын уездериндеги калктын таламын талашып эл кызматында иштегенине күбө болдук.

Баса белгилеп кетчү жагдай, 1920-1925-жылдары борбору Оренбург болуп, Кыргыз АССРи түзүлүп (негизи кыргыз деп аталганы менен казактардын мамлекети болгон) иштеп келген. Ошол кезде казак интеллигенциясынын дээрлик көпчүлүгү Оренбургга көчүп, ишмердүүлүгүн улантышкан. Ал эми Жети-Суу облусу борбору Верный шаарында кыргыз интеллигенциясынын дээрлик көпчүлүгү жетекчилик кызматта иштешкен. Мындайча айтканда, Жети-Суу облусундагы башкаруу бийлиги кыргыздардын колунда калганын Казакстан Республикасынын Президенттик архивиндеги документалдык материалдар далилдейт.

Жети-Суу облусунун партиялык жана башка аткаруу бийлигинде иштегендер: Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Эшенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Белек Солтоноев, Данаке Иманов, Байсерке Калпаков, Кожокан Шооруков ж.б. болушкан.

Ошол мезгилде мындай иш билги, билимдүү адамдар жаңы бийлик үчүн абдан эле керек болгон. Э.Арабаев 1920-жылдан тартып Верныйдагы (Алматы) Мусбюронун ишине жигердүү киришкен. 14-январь 1920-жылы мусулман большевиктер партия-
сынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны өтүп (төрага Мужавиров, катчысы Чанышев) жалпы 34 мүчө жыйынга катышат. Жыйында “Мусбюрону” негиздешип, мындан ары аталган уюмга ишти алып баруу тапшырылат. Анын алдында мусулмандардын дайыма иштөөчү “Учкун” органы түзүлөт. Мусбюронун “Учкун” органынын атайын кызматкери болуп А.Чимжиев, анын жардамчылыгына Арабаев, Абдастюраев, Калпаков (Байсерке Калпаков – Ж.Б.) жана Мужавиров дайындалат. Арабаевдин Ташкент шаарында жазылган өмүр баянында да партиялык мусулман ячейкасында иштегени жазылган; (“В г. Алма-Ате в обкоме партии, по организации партийных мусульманских ячеек. Работал корреспондентом газет, лектором партийной ячейки»).

Ошол мезгилде жумасына бир жолу “Фукара” мусулман газетасы чыгарыла баштаган. Анын редколлегия мүчөсүнө Жандосов, Арабаев жана Абдрахманов кирип, жооптуу редактору болуп Арабаев дайындалат. Бул газета жалпы Жети-Суу облусунун коомдук-саясий органы болуп кызмат кылган. Андыктан, жооптуу редактору кылып бекеринен Э.Арабаевди тандабаса керек. Ал газета чыгаруу ишинде ошол мезгилдеги өтө дасыккан адистердин бири эле. Бизге белгилүү маалыматтар боюнча Э.Арабаев “Казак” газетасын, “Кедей эрки”, “Тилчи” жана Түркстан Компартиясынын органы болгон “Ак жол” газеталарын, “Шолпан” журналын чыгарууга көмөктөшүп, ошол убакта жалпы Түркстан аймагындагы чыккан басма сөз беттерине макалаларды гана жазбастан аларды чыгарууга да жардамы тийген.

5-январда (1920) обкомдун кезексиз жыйынына кеңеш берүүчү добуш менен Абдрахманов, Ходжиков, Арабаев, Балиев, Гущин жана Сыдыков катышкан. Анда күн тартибиндеги экинчи маселе катары Нарын көтөрүлүшүн жоюу боюнча иш жүргүзүү үчүн барган Эйхмандын билдирүүсү угулган. Нарын көтөрүлүшүнүн иши боюнча айыл аймактарына барып, элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына Балиев, Арабаев, Сыдыков, Барибаев, Манс кирген.

Комиссиянын курамында Э.Арабаев Нарынга барып, көтөрүлүштүн чыгуу себептерин, кесепеттерин иликтеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп гана келбестен, Нарын уездиндеги элдин жашоо турмушу, социалдык абалынан дагы кабар алып келет. 18-май 1921-жылы КПТ Жети-Суу обкомунун жыйынында Нарын окуясын иликтөө боюнча Арабаев менен Какыповдун баяндамасы жасалган КПТ Жети-Суу обкомунун 27-майдагы кыргыз жарды-жалчылары жана батрактардын учурдагы милдеттери боюнча Лепа жетекчилик кылган отурумунда Балиев “Жети-Суудагы жерге жайгаштыруу маселелери” боюнча, Арабаев “Кустардык (жыгаччылык) өнөр жайды уюштуруу маселелери” боюнча, Жандосов “ Жери жок жана жери аз дыйкандар союзунун уставы боюнча” баяндамалары даярдоо бекитилет.

Демек, Эшенаалы Арабаев ошол мезгилде облустук жарды-жалчылардын союзунун ишине жигердүү аралашуу менен бирге, жардылыктан чыгуунун дагы бир жолу жыгаччылык өнөр жайын өнүктүрүү тууралуу баяндама менен чыккандыгы – жалаң мал багуу менен алектенген элди жаңы кесипке жана өнөргө үндөгөндүгүн көрөбүз.

Бул архивдик документалдык материалдардан дайын болгондой, ошол мезгилдеги бийликтеги Советтердин эң негизги маанилүү иши болгон жарды-жалчылар менен батрактардын абалын кескин түрдө жакшыртып, чукул мезгилде орус көпөстөрүнөн жерлерди алуу менен өз алдынча жер менен камсыздоо иштери алдыда турган. Жети-Суу облусунун алдына коюлган мындай талаптарды аткаруу үчүн Э.Арабаев ар дайым обкомдун жыйындарында президиумга мүчө болуп, чечүүчү добушка ээ болуу менен өз пикирин элдин таламына карай багыттап айтып келген.

Э.Арабаев жалаң гана жарды-жалчылар менен батрактардын уюмдарынын ишине жигердүү катышпастан, ошол мезгилдеги Советтердин жана жарды-жалчылардын съездине делегаттарды шайлоо боюнча шайлоо комиссиянын ишине катышып, шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн уездердеги шайлоо комиссияларына өкүл (уполномочен) катары жөнөтүлүп турган.

Советтердин съездинин маани маңызын карапайым элге жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн мыкты чечен лекторлор керек болгон. Албетте, мындай шартта облустагы коомдук абалдын жагдайын мыкты билген Э.Арабаев кыргыз уездеринен сырткары Капал, Жаркент, Лепсин жана башка уездерге дагы жөнөтүлүп турганын архивдик материалдар далилдейт.

Облустук, Верный (Алматы) шаардык коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы

5-ноябрь 1922-жылы КПТ Жети-Суу облустук-шаардык аткаруу бюросунун жыйынында шаардык коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Двинов доклад жасап, шаардык жана уездик коммуналдык чарба бөлүмү бириктирилип, областык бөлүм болуп түзүлөт.

Эшенаалы Арабаев ошол жаңы түзүлгөн облустук коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. Э.Арабаевдин Верный шаардык-уездик коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы катары иштеген мезгилин бүгүнкү  Алматы шаарынын
шаар болуп калыптанышына, өсүп өнүгүүсүнө да эмгек сиңиргендигин архивдик материалдарга таянуу менен баса белгилеп кетүүбүз керек.

Алаш таратылганы менен анын жигердүү ишмерлери негизги мүдөөлөрүн уланта беришкени көрүнүп турат. Эми алар Союздук мамлекеттин ичиндеги улуттук кызыкчылыктарды, баалуулуктарды  жогору коюу менен, өз алдынча мамлекеттүүлүктү курууга умтулушкан. Ал үчүн кыргыз-казак элинин тилин, тарыхын, билим менен илимин, адабият-маданият, искусствосун өнүктүрүүнү колго алышат. Албетте, алардын бул улуттук сезимдеги мүдөөлөрүнүн ишке ашышына “Бардык өлкөнүн пролетарлары бириккиле!” деген ураан астындагы Кеңеш бийлиги чоң көйгөйлөрдү жаратаары бардыгына белгилүү болчу.

Мындай кырдаалда заман агымын туя билген кыргыз-казак интеллигенциясы, өзгөчө дыкаттык менен аракеттенип, кыргыз-казак элинин руханий аң-сезимин агартуу, билим берүү жана илим аркылуу көтөрүп, улуттук баалуулуктар менен байытууну көздөшкөн. Алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 1922-жылдын аягында кыргыз-казак элинин маданиятын өнүктүрүүчү “Талап” коому түзүлөт. Бул коомдун ишин жигердүү  улантууда Эшенаалы Арабаевдин эмгеги өтө чоң.

Ташкент шаарында окуп-билим алган кыргыз жаштары “Талап” коомуна талаптанып, кыргыздардын  «Ала-Тоо» деп аталган уюмунун жол-жобосун түзүп, өз алдынча кыргыз жаштарынын уюмун ачат. Ага жол көрсөтүп башында тургандардын бири  Эшенаалы Арабаев болду. “Ала-Тоо” уюму тууралуу ушул кезге чейин эч бир маалымат жолуктурбайбыз. Демек, бул уюмду кыргыз студент жаштарынын өз алдынча мамлекеттүүлүккө кадам жасаган архивдик табылга катары бааласак
болчудай.

«Ак жол» гезитинин 1923-жылдын 8-июлдагы санында Ташкент шаарында окуган кыргыз жаштары биригип «Ала-Тоо» деген уюм ачты деп жарыяланып, ал уюмдун жобосу басылган. Бул уюмдун жол-жобосунун бир нече жерлерин өзгөртүп, 29-ноябрь 1923-жылдагы Борбордук жаштар комитетинин аткаруу бюросунда караган. Ал күнкү жыйында жобо жактырылып, жыйындын №65 протоколу аркылуу бекитилет.

Биз Эшенаалы Арабаевдин 1920-1922-жылдары Жети-Суу облусундагы аз гана чарбалык жана коомдук саясий ишмердүүлүгүн бере алдык.

Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу архивдик документалдык материалдардын ачыкка чыгышы менен улуу инсанга байланыштуу архивдик материалдардын дагы табылып жатышы Эшенаалы Арабаевдин баскан жолунун байсалдуулугунан кабар берип, келечекте 10 томдук эмгек жаралышы да анык экендигин көрсөтүп турат. Жарыкка чыккан Эшенаалы Арабаевдин даңктуу жолун камтыган жети томдук эмгек учурдун улуу талабы болгон Уңгу жолубуздун учугун улап, жетидеги баладан жетимиштеги карыга чейин руханий азык болуп, улуу агартуучу жана аалым атабыздын даңктуу жолуна суктандырып, алар эңсеген эгемендүүлүгүбүздүн баркын билгизип турмакчы.

Жумагул БАЙДИЛДЕЕВ,
тарых илимдеринин кандидаты, архивтаануучу

 

Акыркы гезиттер

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте чоң бут кийим...

Бир эле учурда бир нече кылымда жашаган Индия

Индияга канча барсаң да, качан барсаң да таң калтырбай койбойт. Барган сайын биринчи көргөндөгү таасирлериңден ашып түшкөн, асты кем калышпаган жаңы таасирлер каптап, өлкөнүн, элдин мүнөзүнүн жаңы көрүнүштөрүнө...

Гезит коллективдүү пропагандист гана эмес, коллективдүү уюштуруучу

       Мамлекеттики аталып, анын расмий медиа органы болгон басылмалар мамлекеттен каржыланбай калганына туура чейрек кылым болду. Дүйнөдө сейрек кездешкен мындай практикага акыры Президент Садыр Жапаров...

Иранский узел

Массовые протесты в Иране пошли на спад. Но волнующий всех вопрос, ударит ли по стране Дональд Трамп, остается открытым и в мире продолжают нервничать      ...

Ставка на печатное слово О роли общенациональной газеты в системе государства

          Создание на базе первой газеты страны, а «Кыргыз Туусу» выходит больше века, нового медиахолдинга, перевод его на бюджетное финансирование – это не...

Мамлекеттик сыйлык: ардак наамга нарктуу мамилени калыптандыруу керек

         Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамынын долбоору каралып, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча...