Вагонзак…Отуз жетинчи күз (аңгеме)

РЕДАКЦИЯДАН: Жазуучу жана журналист Айбек Абдылдаевдин жаңы жазылган “Вагонзак” аңгемеси түркүн ойго жетелеген чыгарма.  Насаат кеби, жасалма сюжети жок көркөм баян. Үч-төрт эле эпизод, бирок көп маселени козгогон, үңүлө тиктеген кишиге улам бир образ ачыла берген тээ Ренессанс доорундагы картинадан бетер көп пландуу чыгарма. Ушул жөнөкөй, эгер аудио баян болсо уккулуктуу аңгемеде кандуу репрессиянын мүнөзү, ошол доордогу мыйзам ченемдүү көрүнүштөр келиштире сүрөттөлгөн. Адамды алеки саатта кас душманга айлантып, оор айып тагуу жана аёосуз жазалоо тажрыйбасы, айдалып бараткан мамлекеттик ишмердин (Жусуп Абдрахманов) күндөлүгүндөгү эки-үч эле сүйлөмдүн кылмышка далил болушу, аны айдап бараткан, айыпкерди жеткирчү жерине жеткирип, эми погондогу жылдызы жаркырай турган желдеттин өзүнүн кайрадан айыпталышы реалисттик картина. Желдеттин арзыганына кандуу жол менен, тагыраагы, Мария аттуу кыздын сүйгөн жигитин айыптап, каматып же аттырып, анан ага жетүү далалаты аңгеменин башкы темаларынын бири.

1937-жылдын 14-сентябры. Орунбор темир жол бекетиндеги платформада кыймыл кымгуут. Бутундагы хром өтүгүн кырчылдатып, каршы-терши басып турган НКВД кызматкери улам саатына үңүлүп, курун кайра-кайра оңдоп, ойдолоп турду. Сүзө качырып, сүрдүү тиктеген аскер адамынын жанына келгенде шашып бараткан кишилер кыйгап өтүп жатты.

– Вагонзакка эки кишини салыштыбы? – деп шыбырай сүйлөдү колдорунда кара майдын тагы калган, орто жаштагы толмоч машинист диспетчер аял олтурган жердеги тешикке башын тыгып.

– Ооба.

– Жаш келиндичи? Аны отургузушкан жокпу?

– Лейтенант аны өзүнүн купесине жайгаштырды…

– Кудай урган тура! Ушунун айынан башыбыз кетпейби?

– Тилиңдин азабынан атылып кетип жүрбө, тишиңе катып жүрсөңчү!

– Мени менен качан Фрунзеге барып келесиң жалжалым! Хе-хе, бир байкелетсем кана эле…

-Барчы ары! Сен аялды жыргатпаган кокуйлардан болсоң керек.

Орунбор – Фрунзе багытындагы поезд күшүлдөп ордунан козголо баштаганда гана НКВД кызматкери жандай басып келип, тутканы кармап бир топ жерге чейин тепкичте барды дагы, ичине кирип кетти. Жашы эми отузга таяган лейтенант У. Кыргыз ССР НКВДсынын жетекчиси Лоцмановдун жеке буйругу менен мамлекеттин эң коркунучтуу кылмышкерлерин Орунбордон Фрунзеге коштоп баратат. Ал орто бойлуу, арык жигит эле. Бүгүн өзүн дөө сезип, катуу толкуп тургандай. Ичинде сыймыктануу сезими дүрт этип, баргандан кийин кызмат даражасы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн кыялданып, чыккынчылардын шериктерин таап, терисин тирүүлөй сыйрыса да айыбын мойнуна коюп, Лоцмановдон жылуу сөз угууга дилгир эле. Отуз жетинчи жылдын күзү ушундай ырайы суук башталды. Күндүн көзү көрүнбөй эртели кеч мунарыктап, боз түштү. Кишилер көлөкөсүнөн коркуп, артымдан бирөө кубалап келаткан жокпу деп алаңдап басып калды көчө-көйдө. Коңшусунан, ал тургай жакын тууганынан шек санап, камакка алынган бир кишинин артынан отузу, кыркы кошо камалып, тоголок каттардын артынан баштар топтой ыргып атты. Адам тагдырын каалагандай калчаган мындай зулумдукту адамзат мурда көрдү беле же жокпу, аны айтуу кыйын…

Кимдики туура, кимдики чеки, ким күнөөлүү, кимдики куру доомат, териштирген киши аз эле. Жарышка түшкөндөй шымаланып, чоң империянын булуң-бурчунда “эл душманын” таап, жазалоого шашышты. Отчеттор поезд менен кошо чуркап, зым карагайлар  “кокуй, лимитти көбөйткүлө миң кишини атып, он миңди камаган менен эл душманы быкпырдай кайнап атат, дагы аталы, дагы камайлы” деген кайрылууларды борборго жеткирип атты. Борбордон башталган бороон-чапкын бүт өлкөнү будуң-чаң сапырып, алдынан чыкканын жыга кетип, жыгылбай калганын жылаңачтап өтүп, Сибирдин адам буту баспаган чытырман токойлоруна ыргытты. Лейтенант У. ооматтуу сааттары чыкылдап, пагондоруна жылдыздар жымырай турган учур ушул эмеспи. Баскан жериңде чет элдик тыңчылар, эл душмандары, койнуна котур ташын каткан контрреволюционерлер. Карма, кама! Бүттү! Погонго жылдыздар өзү эле учуп келип конот.

Бир караганда поездге чиркелген вагонзактын башка вагондордон көп деле айырмасы байкалбайт. Бирок паам-парасаттуу киши чакан терезеси темир тордолуп, сыртынан бекем кулпуланган вагонзакты дароо эле билмек. Анда мамлекеттик чыккынчы катары кармалган Жусуп Абдрахмановду, ага кошуп корей улутундагы Пак деген жигитти Фрунзеге алып баратышкан. Темир тордон канча киши олтурганын көрүү мүмкүн эмес.

“Жүк бар” деген жазуусу бар вагонзактарда кишилерге буюмдан да жаман мамиле кылышчу. Буюмду сынып калбасын, бүлүнбөсүн деп аярлап, жумшак нерсеге ороп салса, кишини сындыруу үчүн вагонзактарга ач-жылаңач салышчу. Вагонзактарды сүйрөгөн поезддер жүрөгүндө саткындыктын, аксымдыктан калган тырыктары менен эрки сынып, көзүнүн оту өчкөн кишилерди чыкылдаган суукта шамал боздоп, бороон улуган Колыма, Воркута, Магадан, Карагандага ташып атты…

Атканын атып, жолдо өлүп калгандарын иттин өлүгүндөй ыргытып, туш келди жерге көмүп кете беришет… Бул жолу вагонзак тескерисинче батыштан чыгышты көздөй бараткан.

Жыйырма эки жаштагы Мариянын сүлдөрү эле калган арык кебетеси солкулдап, жашын тыйбай олтурат. Купеге НКВД кызматкери кирип келгенде ордунан тура калды. Анын күйөөсүн үч күн мурун камакка алышкан. Алар үч күн мурун дал ушул каттам менен Фрунзеден Орунборго поезд менен келишкен болчу. Никелешип, ата-энелеринин батасын алып кайтышкан. Поездден түшөрү менен жаншеригин кармап кетишти, өзүн дагы НКВДга суракка алышты. Эртеси жаш лейтенант “биз менен Фрунзеге кетесиң” деди. НКВД кызматкерлери күйөөсүн “Жапониянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган” деп кармашты. Орус-корей үй-бүлөсүнөн чыккан Василий жаш илимпоз катары атагы чыгып, студенттердин сүймөнчүгү эле. Экөө тең Фрунзеден, ата-энелери ошол жакта турушат. Лейтенант киргенде Мария ордунан тура калды.

– Олтура бер, – деди жаш лейтенант У.

Ал жүзүндөгү санаркоону жашырып, кабагын түйүп, фуражкасын башынан алды дагы тармал сары чачтарын сылап койду.

– Тигине чемоданың, – деди ээги менен чемодан турган тарапты искеп, чөнтөгүнөн ачкычты алып кызга сунду.

Өзү чемодандын жанындагы кара кайыштан тигилген килейген портфелди алды дагы, жанына таштады. Мария үч күн мурун дал ушул лейтенант менен бир поездде келип, ошонун арты менен күйөөсү камакка алынганын билген жок. Бүгүн эртең менен Орунбордун түрмөсүнөн жолдошун вагонзакка конвой менен алып келишти. Ошондуктан жолуга албады, сүйлөшкөнгө болбоду, артынан гана көрдү.

У. купеге киргенден кийин шашпай олтуруп рапорт жазды.

“Кыргыз ССР Ички иштер  эл комиссары Лоцмановго РАПОРТ

Фрунзеден чыккандан кийин жүргүн­чүлөрдүн бири көзүмө илинди. Кытай же корей, жапон болушу дагы мүмкүн. Жолдо токтогон жеринде шектүү жүрүп, бекеттеги имараттарды өтө кылдат карап жатканын байкадым. Андан сырткары өтө кымбат баалуу шараптарга акчасын чачты. Мен аны менен чогуу бараткан кыздын дагы кимдигин аныктадым. Фрунзедеги курулуш дүкөнүнүн баштыгы Саповдун кызы экен. Алар купеде экөө гана болчу. Алар тууралуу кеңири маалымат алыш үчүн мен тарабымдан вербовка болгон Сменихинаны алар бараткан купеге жайгаштырдым. Мен аны менен Фрунзеден бери таа-ныш элем, өзү коммунисттин жубайы. Смехина аркылуу купедеги Саповдун кызы менен бараткан жигит корей улутундагы Василий Пак экени аныкталды. Анын кыймыл-аракети, жүрүм-туруму талашсыз түрдө тыңчы экенин көрсөтүп турат. Орунборго жетери менен 11-сентябрда менин өтүнүчүм менен бекеттеги НКВД кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал алгачкы суракта Жапониянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылып жүргөнүн жарым-жартылай мойнуна алды. Василий Пак Орунбордогу түрмөдө эки күн кармалып, Жусуп Абдрахманов менен чогуу мен тарабынан Фрунзеге жеткирүү үчүн вагонзакка салынганын сизге кабарлайм.

Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссариатынын инспектору лейтенант (У.) 14.IX. 37-ж.”

Рапортко Мария тууралуу көп деле маалымат берген жок. Аны жанына алганына бир аз чочулап, санаасы тынчыбай турат.  Кызды алгач поездден көргөндө эле жактырып калган. Көздөрү тим эле деңиздей болуп көгөрүп, чөгүп кетчүдөй терең экен. Мариянын ушу таптагы азаптуу жүзү ансайын анын чырайын ачып, ушунчалык сулуу көрүндү лейтенанттын көзүнө. Жылуу сүйлөп, аяр мамиле кылып, келин менен махабат кумарына батмак да, эгер көңүлүн калтырчу болсо Фрунзеге жеткенде кайра камап салмак. Балким, Мария дагы муну жактырып калса, аны эптеп аман алып калуунун, каматпай сактап калуунун аргасын издемекчи. Жубай кылып алса эмне жаманбы. Билимдүү, эстүү кыз окшойт. Анан ушундай кыздар тигиндей келесоолорду кайдан таап алат. Анысы шүмүрөйүп, ыштаны шыпырылып, көз айнеги бууланып, алгачкы суракта көргөн кордугунан адам сыягынан чыгып калды. Лейтенант кымырылып-кымтыланып, эликтин чаарчыгындай дирилдеп олтурган кызды тиктеп, рапортун папкесине салды дагы:

– Мен чылым чегип алайын, – деп сыртка жөнөдү.

Лейтенант У. тамбурда тамеки күйгүзүп жатканда көңүлүн бир аз кыжалатчылык өйүдү. Чемодан, портфелдер дагы вагонзакта өзүнчө сакталган жерде кетиши керек эмес беле. Аларды дагы жанына алып алды. Тергөөдө далил фактылардын баары ошол кара портфелде. Орунбор облустук аткаруу комитетиндеги
жооптуу кызматтардын биринде иштеп жаткан кыргыздын даңктуу уулу Жусуп Абдрахмановдун калың портфелиндеги документтерди эки күндүк жолдо бир сыйра көз жүгүртүп чыгып, илинчек издемек мүдөсү бар эле. Чоң портфелде калың кагаздар, дептер, кол жазма кагаз-кугаздар бир топ экенин көргөн.

Купеге киргенде Мария көйнөк алмаштырып кийгенин байкады. Кызга жылуу жумшак сөз керек азыр.

– Ресторан вагонго барып өзөк жалгап келейин. Сага ала келем, эмне жейсиң?

– Билбейм, эч нересе деле жегим келген жок.

– Карап көрөм, кайсыл тамагы даамдуу болсо, ошону алып келип берем. Экөөбүз чогуу барганга болбойт, чоочун көздөргө урунбай эле коелу.

Лейтенант үстү-башын оңдоп, чачын тарады да, чыгып баратып:

– Менден калтырап коркпой эле кой. Досуңа ишенгендей ишен, НКВД кызматкеринин баары эле жаналгыч эмес. Кел, чемодандын ачкычын мага берип койчу?

Мария үн катпай, чемодандын ачкычын сунду. Лейтенант атайлап кыздын колун сылай кармап өтүп ачкычты алды. Кыз шарт этип колун тартып кетти.

Ресторандан У. көңүлү көтөрүңкү келди. Киргенде эле купеге арактын жыты бур эте түштү. Марияга жакын олтуруп:

– Кайда окуйт элең Мария же иштечү белең?

– Оренбург педагогикалык институтунда 3-курста окучумун.

– Күйөөң дагы студент беле?

– Жок, ал айыл чарбасы боюнча окуган, азыр окумуштуу…

– Шпион экенин билчү белең?

Кыз үндөбөй башын өйдө көтөрбөй койду.

– Күйөөңдүн камалары анык, ага көмөк­төшкөн киши катары сен дагы камаласың го…

Кыз бышактап ыйлап баштады.

– Эч кандай күнөөсү жок, ал деген илимпоз эмеспи.

– Ошол илимпоздун беткабын кийип алып иштеп жүргөн да. Болгондо дагы бизди капиталисттик көпөстөргө, кан соргучтарга сатып, коммунисттердин жеңилишин, тукум курут болушун каалаган.

– Андай дебеңизчи, суранам.

– Сен андан баш тарт, ажырашып кет. “Чыккынчы менен жашаганыма өкүнөм, мен андан баш тартам” деп айткын Фрунзеге барганда.

– Жок, эч качан андай болбойт.

Мариянын көзүнө от жанып кетти.

– Күйөөң атылып, өзүң камалып, Акмолодогу суук лагерде ооруга чалдыгасың, кор болосуң. Ошол керекпи сага!

– Жок, камабайт. Совет өкмөтү үчүн башын сайган кишини эмнеге атсын, студент кызды эмнеге камасын.

– Балдарды атып жатышпайбы, чыккын­чылык үчүн! Сен жаш баладан бетер турбайсыңбы?

Кыз колу менен жүзүн жаап ыйлай баштады. У. аны жубатмак болуп кучактап, чачынан, мойнунан жыттагылай баштаганда Мария дирт эте ордунан туруп кетти.

Суранам, мени жаншеригимдин жанына эле камап салыңызчы.

– Эчтекеден коркпой эле кой, абакта кор болгуң келеби! Фрунзеге жеткенде сени бошотуп жиберем, андан аркысын өзүң билесиң.

– Кудай үчүн анда мага тийшпеңиз, Кудай үчүн!

– Макул

– Сөз бериңиз

– Жарайт, офицерлик сөзүм, сен коркпо!

– Кел, вино алып келдим ичелиби?

– Жок, мен шарап ичип көргөн эмесмин…

– Макул, көп эле калтырап корко бербечи байболгур.

Кырдаалды жумшартмакка күлгөн киши болду. Кыз ыйлап атты…

У. өзүнүн ордуна келип чалкасынан жатты. Кыйлада барып денесиндеги кумар отун өчүрдү. Ошо менен көзү илинип кетиптир. Поезд айылдарды, талааларды, адырларды аралай күшүлдөп-бышылдап жүрүп отуруп түн коюнуна кирип кетти.

– Мен сизге ашык болуп калганым ырас, Мария. Ошого сизге жардам берейин деп жатам.

– Рахмат. Менин жандай көргөн жарым бар экенин унутпаңыз.

– Чыккынчы, саткын кишиден оолак бол. Сени көргө кошо сүйрөйт.

– Мейли.

– Сен эмне өлгүң келеби!

Мария мелтейип унчукпай койду. Түндүн тынчтыгын жарып поезд кош тарткан өгүздөй күшүлдөп-бышылдап келатты.

Чын эле ак жүрөк экенин далилдеш үчүн лейтенант У. Марияны камактан куткарып калышы керек. Мария ага күйөөсү тууралуу билгендеринин баарын төкпөй-чачпай ортого салса, амалын тапса болот. Бирок кыз муну такыр эле уккусу келбей жатат. Азоо тайдай диртилдеп, поездден боюн таштап жибергенге деле даяр эле. Күйөөсүнө кылдай кара санабаган, ак жүрөк, дили таза жаш кызды лейтенант ого бетер жакшы көрүп калды.

У. жөн эле аңгиленип, кызды баса калганы такыр туура  болбосун, ошо менен бардык үмүт-тилеги дүрт этип эле учуп жок болорун түшүндү. Убакыттын иши деди, мезгилдин иши. Кудай менин бактыма ушул кызды жазган болсо, демек тагдырдан качып кутула албайсың. Сүйдүрүп алам деди, жаштыгына, чекисттик амалкөйлүгүнө ишенип.

Эртеси лейтенант У. калың кара булгаары портфелдеги Жусуп Абдрахмановдун кагаздарын, буюмдарын чачып, анын жазган каттарын, күндөлүгүн барактады.

“Дыйкандардын бир тобун кабыл алдым. Алардын баары айыл чарба салыктарынын оордугуна нааразы. Чындыгында эле аша чаап кетишкен. Эгер өткөн жылы 10 рубль төлөшсө, бул жылы 100дөн төлөй турган болуптур. Бул туура эмес, бирок муну оңдоо менин колуман келбейт. Бул “алысты көргөн “борбордогу башчыларыбыздын кылганы…”, – деп жазганына көзү түштү.

Мына, мына, ушундан өткөн далил болобу деп ичинен кудуңдады.

Кантсе дагы У. кызымтал болгондо мактанып айтып жүргөнүндөй билимдүү чекист эмеспи, өзү кырдуу жаш жигиттин жазгандары, өзгөчө анын белгисиз кызга арнап күндөлүккө жазган сезимдерине эрксизден баа берди.
Кээде үнүн чыгарып Марияга дагы окуп берди. Кызга ушунусу куп жакты.

– Асыл адам экен…

Лейтенант У. бырс күлдү.

– Мария, кооз сөздөргө ишенбеңиз. Капкан ошол жерде, сөз башка, иш такыр башка эмеспи. Карабайсызбы, мен сизге офицердик сөзүмү бердим. Башка бирөө болсо баса калып, зордуктап салмак, туурабы?

– Аныңызга ыракмат, өтө ыраазымын.

Экинчи күнү Мария экөө кадыресе эле эски тааныштардай жакындашып калышты. 16-сентябрда поезд Казакстандын Арыс станциясына келип токтоду.

– Мен зарыл жумуш менен бир жерге барышым керек. Бул  буюмдарга сак бол! Ме, ачкыч сенде болсун!

Станцияда вагондор башка поездге чиркелерин алдын ала кабарлашкан. Эки сааттай убактылары бар. У. сакал-мурутун алдырып, чачын кыскартып алууну чечти. Бекеттин кызматкерлеринен жакын эле жерде уйгур чачтарач бар экенин сурап билди. Чачтарачка барса улгайып калган уйгур киши тестиер баланын чачын устара менен тасырайта кырып жаткан экен, шарт этип кирип барганда көзү чанагынан чыгып кетчүдөй үрөйү учту.

– Сага эмне болду, жылан көргөнсүп, – деди У.

Сакал-муруту жок сүйрү бети ансайын бузулуп, уйгур абышканын жүрөгү оозуна кептелди:

– Келиңиз, келиңиз жолдош…

– Кимге жолдош, кимге комиссар. Кана балакай сен кое тур. Калган чачты анан алдырасың.

Тестиер эчтекени түшүнбөй жалдырай карады.

– Марш, бул жактан! Кана, сакал-мурутту аласың, чачты кыскартасың. Түшүндүң?!

– Түшүндү, жолдош комиссар…

Уйгур чалдын колдору калтырап, тер кетип атып, мунун чачын кыркып, сакал-мурутун алып берди. Сынык күзгүдөн өзүн бир карап алып, У.  абышкага алкыш да айтпай сыртка чыкты.

Темир жол бекетине кайтып келсе, вагондорду башка локомотивге чиркеп, эбак эле жолго аттандырып жиберишиптир. Вагонзак болсо кийинки каттамдагы поездге чиркелерин айтышты. Калдастай түштү, бекеттин жетекчисине кирип барып, ашата сөктү.

– Башың менен жооп бересиң, акмак!  Эскертпейт белеңер!

– Жолдош лейтенант, вагонзак станциядан башка локомотивге чиркелери эскертилген. Жүргүнчү вагондор дароо эле кетишери дагы алдын ала эле маалымдалган.

– Вагонзакты кайра чиркей турган поезд канчада?

– Эки сааттан кийин!

– Түүй, келесоо, саткындар!

– Фрунзеге силер жөнөткөн поезд канчада жетет. Таңкы төрттө жетет, лейтенант Вагонзактагы конвойлордун бирине эскертип койбогонуна өкүндү. Эгер чукул кабар болуп калса, мени бул жактан изде же  тигил кызды түшүрүп кал десе болмок да. Далил буюмдарды кылмышка шек саналган неменин колуна карматып жибергенин карачы. Оозу кургап кетти.  Марияны кайдан табат, ал далил буюмдарды алып из жашырып кетсечи. Ордунда чимирилип кетти. Үстөккө-босток чылым чегип, ары-бери басып, жаны кашайды.

Кайсыл даректемин деди эле? “Фрунзе
шаары, Кызыл Аскер көчөсү 102” деп жазылып турган. Ооба, суракта айткан ошол даректи эстеп калган.

16-сентябрдын таңында Фрунзедеги темир жол бекетине түшкөндө У.нун өңүндө кан жок эле. Абдрахманов менен Пактын кылмыш иштерин НКВД тергөөчүсүнө берип, далил буюмдарды азыр алып келерин айтты. Тергөөчү түшүнбөй калды:

– Кандайча эми алып келип берем?!

– Аны мен вагонзактан машинеге салганда калтырып коюптурмун. Досум, мени туура түшүнчү. Машине Фрунзенин бир жерине жылып кете калган го, азыр дароо алып келем.

– Жүрөгүң тоо экен сенин лейтенант, жөнө батыраак!

Тергөөчүнүн бөлмөсүнөн учуп-күйүп чыккан У. нөөмөтчүлөр турган жерден Мария менен тиктешип калды. Аны НКВД коменданты майор К. суракка алып жатыптыр. Өңү бозоруп, колуна тийген буюмдардын таржымалын ийине-жибине чейин айтып берип жаткан Мария лейтенантты көргөндө көзү жайнап кетти:

Тигине, мен издеген киши!

Майор жалт карады, ачуудан кулагына
чейин жүзү кызарып бурк этти:

– Камагыла лейтенантты!

Жанындагы төрт-беш аскер адамдары дароо эле муну баса калып, салпактап жүргөн тапанчасын чечип алышты. У.нун колуна кишен салышты.

Мария озондоп ыйлап жиберди эле. Майор ага да кыйкырды:

– Бас жаагыңды! Кама, муну дагы! Шыйпаң-даган куйругун толгойбуз.

…Мария Арыстан поезд жылып кеткенин кечигип билди. Болбосо конвойлорго чуркап “лейтенантты тапкыла” демек. Таңгамаал поезд Фрунзеге келгенде чемодандарын жыйнап жатып, кара портфелди ошондо көргөн. Аны өзүнө тартканда кызыл күбөлүк жерге түшүп кетти. Ичин ачып окуса, Жусуп Абдрахмановго таандык партбилет экен. Шашылыш портфелге кайра салды дагы чемодандары менен кошо поездден сүйрөп түштү. Темир жол бекетинде таң атырган кыз келерки поездди күтүп олтуруп көзү илинип кетиптир. Ошентип лейтенант У. экөө ал жерден кезикпей калды. Мария бекеттен кийинки поездди күтүп, лейтенантка портфелди берип, күйөөсүнүн, өзүнүн тагдыры эмне болорун сурап билмек. Көңүлүндө жакшы жигит экен, күйөөмдү ушул жерден бошотуп жибериши да мүмкүн деген баео ишенич турду. Темир жол бекетинен жолуга албай калып, НКВД имаратын сураштырып олтуруп таап келген. Нөөмөттөгү жоокер эмнеге, кимге келгенин сурап жатканда эле өзүн ушул жердин коменданты катары тааныштырган майор сөзгө кийлигише калып, чоо-жайын сурап билген. Ошол маалда лейтенант У. дагы карп-күрп келип калды.

                                                          ***

Далай кишини ушул түрмөгө камап, мамлекет чыккынчыларынын көзүнөн кан агызган жаш лейтенант бүгүн өзү темир тор артында, капканга түшкөн түлкүдөй ичинен кыңкыстап атты. Бирок айла-амал издеди.

1937-жылдын 22-ноябрында аны кезектеги суракка алып келишти. Өзү менен курбалдаш, төрт жылдан бери чогуу иштешип калган улук лейтенант Мишин муз тоңгон көзү менен тиктеп туруп:

– Келемиш акыры капканга чабылган экен? – деди.

– Эмне дегениң, жолдош Мишин?

– Токтот! Кайдагы жолдош, эмне болгон жолдош! Болгонун болгондой жаз! Биздин суракты өзүң жакшы билесиң.

Мишин камакка алынган У.нун бөгөт чарасы тууралуу токтомду сунду:

– Этегине колуңду коюп кой!

“Айыбын угузуу жана бөгөт чарасы тууралуу ТОКТОМ

Мен, Кыргыз ССР НКВДсынын коопсуздук кызматынын улук лейтенанты Мишин. 1937-жылдын 22-ноябрында Кыргыз ССР НКВДСнын Инспекторлор тобунун мурдагы кызматкери 1909-жылы туулган С.И. У. нун иши менен таанышып чыктым.

У. 1937-жылы сентябрдын 11инен 13үнө чейин Орунборго өзгөчө тапшырма менен командировкага барып, шалаакылыкка жол берген.

16.IX.37-жылы Орунбордон келе жатканда өзгөчө оор кылмышка шектүүнүн жубайын качырууга аракет кылган. Анын жолдошунун тыңчылык ишмердүүлүгү тууралуу кабардар болуп туруп, аны камакка алган эмес. Поездде келе жатканда кылмышка шектүү  М. аттуу келинден 500 рубль каражат алган.

14-сентябрда У. Орунбор НКВДсынан эки маанилүү мамлекеттик кылмышкерди – Ж.Абдрахманов менен В.Пакты конвой менен Фрунзеге жеткирүү тапшырмасын алган. Ошол эле маалда Орунбор облустук УНКВД УГБнын 8-бөлүмү тарабынан ага тергөө материалдарын жеткирүү тапшырылган. Анда Абдрахмановдун жеке каттары жана документтери болгон. Бирок У. тергөө материалдарын жанындагы М. аттуу келинге берип салган. Ал каалаган учурда андагы материалдар менен тааныша алган. Демек, айрым маалыматтарды жок кылып койгонго дагы анда мүмкүнчүлүк болгон.

Ошол эле 14-сентябрда У. Орунбор темир жол бекетине келгенде Абдрахманов менен Пакты вагонзакка күзөтчүлөргө өткөрүп берип, шектүү М. атуу келинди жанына купеге чогуу алып алган. Вагонзактагы чемоданды дагы анын колуна карматкан.     

Купеде баратканда У. бир нече жолу Абдрахмановдун документтерин барактап, жолду катар окуп келген. Ал тургай М. аттуу келинге дагы контрреволюциялык маанайдагы жазгандарын үнүн чыгарып окуп берген. Станцияда поездден түшүп чыкканда бардык буюмдарды жана документтерди шпиондун аялы менен чогуу калтырып койгон.

Арым станциясына келгенде чачымды кырктырам деп, поездден калып калган. Тергөөнүн материалдарын М. атуу келинге атайын калтырып, аны Фрунзеге салып жиберген. Бул аркылуу качыруу айласын көргөн болушу мүмкүн. М аттуу келин Кыргыз ССР НКВДсынын коменданты аркылуу кармалып, камакка алынды.

Жогоруда аталган У. кылмыштуу аракеттери РСФСР Кылмыш кодексинин 193-17 п.”а” беренесине туура келет. Ошондуктан РСФСРдин Кылмыш кодексинин 128-129 жана 143-158-беренелерин, ошондой эле СССР Ички иштер эл комиссариатынын жетекчи орун басары жолдош Фириновскийдин 21. IX. 37 санкциясын жетекчиликке алып

 ТОКТОМ

У.га 193-17 п. “а” беренеси менен айыбы угузулсун, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын бөгөт чарасы Кыргыз ССР НКВДсынын түрмөсүнө камакка алуу аркылуу ишке ашсын.

Аталган токтомдун көчүрмөсү Кыргыз ССР Аскер прокуроруна жөнөтүлсүн.

Улук лейтенант Мишин. 22-ноябрь, 1937-жыл”.

Таңгөрү-ү кечээ эле өзү ушундай токтомдордун далайын токуп, далай кишини тизелетип, калтыратканы көзүнөн чууруду. Лейтенант У. токтомду окуп чыкканча мээси чыңалып, жинди болуп кете жаздады.

– Мишин, менин түшүндүрмөмдү жолдош Лоцмановго жеткириңиз суранам, суранам.

– Түшүндүрмө?! Биз аны даярдап койгонбуз. Ага дагы кол кой! Бул берене азырынча гана, уктуңбу азырынча! Сага 58-берене таккандай далил табыш керек!

У.нун көзү караңгылашып кетти. Өзүнүн актыгын далилдей албасын, жок дегенде абакка камалса дагы атылбаштын жолун издеши керектигин түшүндү.  Эгер 58-беренени такчу болсо, атылат же лагерге айдалат. Анда өлгөнү ошол. Андай беренени коштурбаш үчүн бул жердегилердин экөө-үчөөнү кошо сүйрөө зарыл. Мишин, Мишин бу кылганыңды жообун бат эле аласың деди У. ичинен ызырынып. 58-берене болсо сени дагы тартып кетем…

***

Ушундан төрт ай өткөндөн кийин 1938-жылдын 27-февралында Фрунзеден чыккан поезд казак талааларын аралап, ызгаарды жеңчүдөй от бүркүп, озондогон бойдон батышты көздөй баратты…

Мария бул жолу үшүп-тоңуп, өзү сыяктуу камакка алынган аялдар менен күрсүлдөгөн жөтөл, бышылдаган ый, оор онтоо аралашкан вагонзакта. Темир эшиктер, ызырынган аскерлер, сөөктөн өткөн суук, дем жетпейт, зааранын жыты жүрөк айлантат…Жүрөк десең, мунун жүрөгү муз болуп, акыркы айлардагы көргөн азабы аны киши катарынан чыгарып койгон сыяктуу. Ыйлабай да, күлбөй да калды. Ишенесизби, ыйлап, арман кылган күйүт дагы муну таштап кеткен сыяктуу. Тирүүнүн өлүүсүнө айланып калды жаш кыз…мелтейип бир тиктеген чекитин кечке карап олтура берчү болгон. Жанындагы аялдар ар кайсыл куракта, көбү мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген кишилердин жубайлары эле. Күйөөлөрү камалганда буларды дагы абакка камашып, каршы көрсөтмө талап кылып, уруп-сабап, ит азабын көрсөтүштү. Бирок Кудай Таалам бул аялдарды ушунчалык бекем, пакиза кылып жараткан экен, бирөөсү дагы жолдошуна карасанатайлык кылган жок…

Мындан алты ай мурун эле, ак төөнүн карды жарылган берекелүү сентябрдын этегинде сүйгөнү менен Фрунзеге жетелешип келип, ак никеге туруп, ата-энесинен бата алып, кубанычтары койнуна батпай, экөө жалгыз купеде махабат отуна жүрөктөрүн жылытып баратышпады беле… Бул жолу поезд Акмолонун бороон улуган, куу талаасындагы лагерди көздөй баратты.

Василийдин тагдыры эмне болгонун билбейт. Ара-чолодо бул үчүн камалган жаш лейтенантты дагы эстеп коет. НКВД тергөөчүлөрү ага каршы көрсөтмө берүүнү талап кылганда, оозун ачпай койгон. Болгонун болгондой айтып, бирок ашыкча, калп көрсөтмөлөргө кол коюудан баш тарткан. Мейли, тырмагыма ийне сайып, чачымды бирден жулгула, кол койбойм деди. Ошондон көп азап тартты. Бирок абийирине саткындык кылбады. Кайран кыз, ошол лейтенант буга кандай караниеттик кылганын, бүт тагдырын талкалаганын билбейт эле… Билбегени жакшы болдубу же жаманбы, айтуу кыйын. Балким, ошо билбей калган үчүн баткакка тебелеп салышса дагы адамдык абийиринде жакшылыктын үрөнү чирибей, соолубай кала берди окшойт.

…Вагонзакта мелтейип бир чекитти тиктейт. Чекит кээде Василийдин кара  көзүнө, кээде жаш лейтенанттын жашыл карегине айланып кетип атты.

Айбек АБДЫЛДАЕВ,
29.10.2025. Бишкеr

 

Акыркы гезиттер

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...

Каргыш

Матай мырзанын колуна Ак жал күлүк тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан...

Жакынкы Чыгыш өрткө чулганды. Кесепети арбын

         Ошентип, ишембиде АКШ менен Израиль Иран Ислам Республикасына абадан кол салды, масштабдуу жана капысынан жасалган жана уланып жаткан бул чабуул «Эпикалык каардануу» операциясы...