Людвиг ван Бетховен – дүйнөлүк музыка тарыхындагы эң белгилүү композиторлордун бири. Анын жашоосу кыйынчылыктарга, трагедияларга, ошол эле учурда ийгиликтерге толгон. Бетховен угуу жөндөмүн жоготуу сыяктуу кыйынчылыктарды жеңип, дүйнөнүн миллиондогон адамдарын шыктандырган мурас калтырган. Аалам маданиятында 16-декабрь — Бетховендин туулган күнү катары белгиленип келет.
Өмүр башаты
Людвиг ван Бетховен Германиянын Бонн шаарында 1770-жылы декабрда төрөлгөн. Туулган күнү так белгилүү эмес, бирок дүйнө маданиятында 16-декабрь туулган күнү катары белгиленип келет. Анын чоң атасы Бонндо сарай музыканты болуп
иштеген.
Бетховендин өз атасы Иоганн ван Бетховен да музыкант болгон жана уулун кичинекейинен эле музыка менен машыктырган. Атасы катуу, каардуу адам болгондуктан, уулун бир нече саат бою машыктырчу. Ал Людвигди экинчи Моцарт кылууну кыялданган. Ал эми энеси Мария Магдалена мээримдүү, жумшак жана сезимтал адам болгон. Ал Людвигге абдан жакын болуп, аны ар дайым колдоп, түшүнгөн. Тилекке каршы, Мария Магдалена 1787-жылы оорудан каза болуп, бул окуя Бетховенге катуу психологиялык таасир тийгизген. Энесинин өлүмүнөн кийин анын жашоосу оорлоп, үй-бүлөлүк жоопкерчилик көбөйгөн.
Музыкадагы алгачкы кадамдары
Людвиг ван Бетховен 8 жашында биринчи жолу концертке катышкан. Анын чыныгы мугалими Кристиан Готлоб Нефе болгон. Нефе Бетховендин талантына эрте көңүл буруп, аны композиторлукка шыктандырган. 12 жашында Бетховен хан сарайдагы органисттин жардамчысы болуп иштей баштаган. 17 жашында Вена шаарына барып, ал жерде Вольфганг Амадей Моцарт менен жолугуп, ага өзүнүн импровизациясын ойноп берген. Моцарт жаш Бетховендин талантына жогору баа берген
деп айтылат.
Багын ачкан – Вена шаары
1972-жылы Людвиг ван Бетховен Йозеф Гайдндын окуучусу болуу үчүн Вена шаарына көчүп келген. Венада ал бат эле атактуу пианист катары таанылып, концерттерде ийгиликтүү өнөр көрсөткөн. Ошондой эле музыкадан жеке сабактарды берип, өзүнүн чыгармаларын жарыялап, ноталарын сатуу аркылуу жашоосун камсыз кылган. Вена шаары Бетховендин чыгармачылыгы толук кандуу өнүккөн негизги борбор болуп калган.
Сүйүү жана жеке жашоосу
Бетховендин жеке жашоосу оңой болгон эмес. Сүйүүдөн бакыт таппай, үй-бүлө да кура алган жок. Достору менен болгон мамилеси да дайыма татаал болгон.
Дал ушул жалгыздык, ички күрөш, сүйүүдөгү жана жашоодогу кыйынчылыктар анын музыкасына өзгөчө эмоционалдык тереңдик, кайгы менен үмүттүн айкалышын алып келген. Ушундан уламбы Бетховендин чыгармалары адамдын ички дүйнөсүн терең козгоп, угармандарга күчтүү таасир берет.
Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, атактуу “Ай сонатасы” графиня Жульетта Гвиччардиге арналган деп божомолдонуп келет. Ал Бетховендин окуу-чусу болгон. Ал эми “Элизе үчүн” аттуу белгилүү пьесасы 1810-жылы жазылган. Бул чыгарманы кимге арнаганы так белгилүү эмес, бирок Элизе аттуу айымга байланыштуу болгон деген пикирлер бар.
Кулагы укпай калганда…
Бетховендин жашоосундагы эң трагедиялуу учурлардын бири толук угуу жөндөмүн жоготуу болгон. Бирок ал бул кыйынчылыктарга карабай, гениалдуу чыгармаларды жаратууну уланткан. Людвиг ван Бетховен 26 жашында угуу жөндөмүн жогото баштап, 48 жашында толугу менен укпай калган. Бул чоң көйгөй анын жашоосуна жана чыгармачылыгына кыйынчылык алып келген, бирок ал өз сезимдерин жана ойлорун “Гейлигенштадт мурасы” жана “Сүйлөшүү дептерлери” аркылуу калтырган. 1802-жылы жазылган “Гейлигенштадт мурасы” — Бетховендин жеке каттарынын бири, анда ал угуу көйгөйүнө карабай чыгармачылыгын улантууга жана жашоого болгон каалоо-сун билдирген. Катта ал өз психологиялык абалы, кайгысы жана чыгармачылыкка болгон үмүтүн жазып, өмүрү жана чыгармачылыгы үчүн күрөшүүгө бел байлаганын билдирген. Бул документ Бетховендин жеке сезимдерин, кайгысы менен үмүтүн чагылдырган философтук жана эмоционалдык эстелик болуп эсептелет.
Океандай чалкыган чыгармачылыгы
Бетховен бардык жанрларда чыгармалар жазган — сонаталар, концерттер, симфониялар, увертюралар жана опералар, жалпы 240тан ашуун чыгарма калтырган.
Ал веналык классицизмди улантып, романтикалык стиль менен айкалыштырган. Бетховендин симфонияларынын ар бири өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, Бешинчи симфония күчтүү киришүүсү менен белгилүү болсо, Тогузунчу симфония хор менен аткарылып, анын акыркы бөлүгү “Кубаныч одасы” Европалык Союздун гимни болуп кабыл алынган.
Ал классикалык музыка чегин кеңейтип, ага эмоционалдык тереңдик жана драматизм кошкон. Фортепиано сонаталары анын чыгармачылыгынын борборунда болуп, жалпы 32 соната жазылган.
Бетховен жана табият
Людвиг ван Бетховен өтө сезимтал жана көз карандысыз мүнөзү менен айырмаланган. Ал эч кимге баш ийгенди жактырган эмес, ошондуктан айлана-тегерегиндеги адамдар менен көп учурда кайчы пикирге келген.
Кээде катуу, орой көрүнсө да, ичинен абдан терең сезимдерге ээ болгон. Атактуу музыкант табиятты сүйчү, шаардан сыртка чыгып, чыгармачылыгына шыктануу алчу. Ал эркиндик жана теңдикти жактаган, Француз революциясынын идеялары анын чыгармачылыгына таасир эткен. Угууга байланыштуу кыйынчылыктарга карабай, ал достору жана кесиптештери менен кат алышып, ой-пикирлерин бөлүшкөн. Ал сыртынан калың кара чачы, кыраакы жүзү, кыска бою, күчтүү дене түзүлүшү менен айырмаланган.
Бетховен 1827-жылы 57 жашында боор оорусунан көз жумган, аны менен коштошуу зыйнатына болжол менен 20-30 миң адам катышкан.
Таасири жана мурасы
Людвиг ван Бетховендин чыгармачылыгы дүйнөлүк музыка тарыхына өтө чоң таасир тийгизген. Ал классикалык музыканы жаңы деңгээлге көтөрүп, классицизмден романтизмге өтүүнүн негизин салган композитор катары таанылган. Бетховен музыка аркылуу адамдын ички дүйнөсүн, эркиндигин, тагдыр менен күрөшүн жана руханий күчүн терең чагылдыра алган. Анын чыгармалары жөн гана кооз обон эмес, философиялык ой жүгүртүүнү жана күчтүү эмоцияны камтыйт.
Бетховенден кийин жашаган көптөгөн улуу композиторлор анын чыгармачылыгынан шык алышкан. Франц Шуберт, Роберт Шуман, Ференц Лист, Рихард Вагнер, Иоганнес Брамс сыяктуу композиторлор анын музыкалык ой жүгүртүүсүн улантышкан. Айрыкча темаларды өнүктүрүү, драматизм жана симфониялык ой жүгүртүү жагынан Бетховен алардын чыгармаларына чоң таасир берген.
Бүгүнкү күндө Бетховендин музыкасы дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жаңырып келет. Бул Бетховендин музыкасы бүткүл адамзатка таандык мурас экенин далил-
дейт.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

