Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле ошондой. Тегин жеринен “кыргыз-казакта байге бербеген” деп, айтылбайт. Бул жагынан Дүйнөлүк олимпиада быякта эле калат. Дагы бир жагдай, төкмөлүк өнөр дүйнөдө ушул эки элде гана бар. Чыгаан төкмөлөр жалпы эле кыргыз-казактын сыймыгы, мактанычы. Ал эми кыргыз-казактын кулактан кирип бойду алган обондуу ырлары да орток казына. Кыргыз-казак бирдей сүйүп ырдашат. Ошондой эле андай ырчылардын атагын чыгарып, даңкын көтөргөн да ушул эки эл.
Мындан улам айтайын дегеним, бүгүнкү күндө казакта элдик ырлардын эң мыкты аткаруучусу Динислам Жайлаубай деген салттуу ырчынын салмагы сайдын ташындай артып турган чагы. Булбул үндүү бул ырчы жигиттин элге таанылышы да кызыктуу. Мындан эки жыл мурда, көпчүлүккө белгисиз бул жигит, Чымкент шаарында өткөн көк бөрү оюнуна катышып калып, анын ырчылык өнөрүн жакшы билген жолдошторунун өтүнүчү менен айтылуу Акан Серинин “Балкадича” (казакча “Балкадиша”) ырын ырдап чыгат.
Бул ыр “Ютуб” каналын жарып жиберди десек да болот. “Балкадичаны” жерине жеткире ырдаган казактын Амире Кашаубай деген өнөрпозу өткөн. Айрымдар Динисламдын аткаруусундагы “Балкадича” ошол улуу ырчынын аткаруусунан дагы өтүп кетти деген пикирлерин айтышууда. Казактын Улуттук телеарнасынын “Таң Шолпан” көрсөтүүсүндө Динислам Жайлаубай бир гана салттуу ырларга басым жасап, элдик ырларды элге жеткирүүгө аракет кыларын айткан. Учурда анын аткаруусундагы укканды умсунткан казактын элдик ырларын “Ютуб” каналы аркылуу көргөндөрдүн кимиси болбосун тамшанбай коё албайт.
Казак элинин таланты таш жарып келаткан ырчысы Динислам Жайлаубайга чыгармачылыгы өркүндөй берүүсүн каалап, төмөндө ал аткарып жүргөн ырларды кыргызчага которуп жарыяладык.
Акан Сери
Балкадича
Кызы элең Ыбырайдын
Балкадича,
Буралган белиң назик, тал –
Кадича.
Сексен кыз серүүнгө чыкса дагы,
Ичинде жалгыз өзүң хан – Кадича.
Дегенде Балкадича, Балкадича,
Болорсуң биздин сөзгө,
зар – Кадича,
Булаңдап азоо тайдай жүргөн башың,
Болосуң кандай жанга, чиркин ай,
жар – Кадича.
Кызы элең Ыбырайдын
Балкадича,
Есилди бойлой өскөн тал – Кадича.
Бир эмес, эки жеңен келип отур,
Руксат бизден сизге, а чиркин,
бар – Кадича
Башынан Жыландынын кулаганым,
Көкүлүн Кулагердин сылаганым.
“Кетти” деп Балкадича эстегенде,
Кучактап куш жаздыкты ыйлагамын.
Гүлдарига
(казак эл ыры)
Башында аскар зоонун бир топ чынар
Ак шумкар баласына болдум кумар.
Эсимден жатсам, турсам бир кетпейсиң
Дарига, ысык көңүл кантип тынар.
Кайырма:
Аха-ау,
Гүлдөрайым,
Күнүм, Айым,
Дарига-ай,
Арманым көп, не кылайын,
Гүлдарига-ай.
Суктандың карай- карай салаасына,
Шумкардын болдум ашык баласына,
Көңүлдү көкөлөгөн кыйбас жаным,
Тагдырдын дуушар кылба наалатына.
Кайырма:
Аха-ау,
Гүлдөрайым,
Күнүм, Айым,
Дарига-ай,
Арманым көп, не кылайын,
Гүлдарига-ай.
Мингеним дайым менин Тарлан чубар,
Мойнуна Тарлан чубар тактым тумар.
Бирге өскөн кичинеден карагым ай,
Өзүңдү бир көрүүгө болдум го зар.
Кайырма:
Аха-ау,
Гүлдөрайым,
Күнүм, Айым,
Дарига-ай,
Арманым көп, не кылайын,
Гүлдарига-ай.
Темирбек Алымбеков, «Кыргыз Туусу»


