Австралиянын Сидней шаарындагы белгилүү Бонди-Бич пляжында Ханука майрамын белгилөө учурунда болгон куралдуу кол салуудан кеминде 12 адам каза тапты. Бул тууралуу Жаңы Түштүк Уэльс штатынын полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ок атууга шектелген эки адам жок кылынды. Курман болгондордун арасында, алдын ала маалымат боюнча, ок чыгарган адамдардын бири да бар. Экинчи шектүү оор абалда ооруканага жеткирилген.
Кол салуунун кесепетинен дагы 11 адам жаракат алган, алардын экөө полиция кызматкерлери экени айтылды.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:30дар чамасында полиция элди этият болууга чакырып, Бонди-Бич аймагынан алыс болуу жана коопсуз жерлерге жашынуу тууралуу эскертүү тараткан.
Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.


