“Old Bishkek”: кемчиликтер айтылды, тапшырмалар берилди

Коомчулуктун, айрыкча борбор калаанын тургундарынын социалдык түйүндөрдөгү нааразычылыгы жана сын пикирлеринен кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Оld Bishkek” долбоорунун курулуш иштери менен таанышып, аталган долбоордун демилгечиси Нариман Түлеевге «… эң негизгиси, шаардыктардын маселесин чечиш керек» деп билдирип, кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

«Old Bishkek» – борбор калаанын эң тыгыз кесилиштеринин бирин жеңилдетүү жана шаардын борборунда ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап жөө жүргүнчүлөр маршруттарын түзүү үчүн курулган социалдык инфраструктуралык долбоор катары коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, аталган долбоорду ишке ашырууда жарала турган убактылуу кыйынчылыктарга кайыл болушкан.

“Old Bishkek” долбооруна ылайык заманбап 250-300 унаага ылайыкталган эки кабаттуу жер алдындагы унаа токтотуучу жай курулмак. Жер алдында соода түйүндөрү да болуп, эскалаторлор жана лифттер иштемек. Мүмкүнчүлүгү чектелген шаардыктар үчүн пандустар, навигация жана тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүк болмок. Кире бериштер жана чыга бериштер, ыңгайлуу болуп элдин коопсуз жүрүшүн камсыз кылмак.

Жаңылбасак, «Old Bishkek» – шаардын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон келечектүү долбоор катары: коопсуз инфраструктура, жаңы жумуш орундары, ыңгайлуу шаардык чөйрө жана борбор калаа үчүн жер алдындагы мейкиндиктин заманбап форматы болот делип убада кылынган.

Мына ушул таттуу кыял, илгери үмүттүн баарына каскак болуп, коомчулуктун нааразылыгын жараткан нерсе – мурдагы гүлзардын ордуна курулган үч кабат имараттын курулушу болду. Буга Совет көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки жолдун эни ичкерип калыптыр деген уу-дуу сөз кошулуп,
коомчулуктун чоң талкуусун жаратты. Көрсө, жолдун эни деле эч кандай ичкербептир, тескерисинче эки метр кеңейиптир. Болгону жолдун мурдагы эски бөлүгү менен жаңы кеңейтилген бөлүгүнүн ортосунда “чөнтөкчө” пайда болуп, ал жолдун эни ичкерип калгандай көрсөтүп калган. Бул дароо көзгө урунуп, соцтармактарда тараган видео жана сүрөттөрдөн көргөн көпчүлүктүн нааразычылыгынын жаралышына себеп болгон.

Камчыбек Ташиев Old Bishkek долбоорундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда, Совет көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин түз жол болсун деп, шаардыктардын нааразычылыгын жараткан бул “чөнтөкчөнү” алып салуу-ну тапшырды. Долбоордун демилгечиси Н.Түлеев асфальт заводу кыш келгенине байланыштуу ишин токтотконун, эгер алар макул болуп, асфальт чыгарып берсе эле, күн жылуу болуп турса эле, ал кемчиликти жоерун, болбосо жаз келери менен калыбына келтирерин убада кылды.

Ал эми мурдагы гүлзардын ордуна курулган үч кабат имараттын курулушу тууралуу айтсак, бул тууралуу айтылган сын жана нааразычылык жөндүү экенинде талаш жок. Камчыбек Ташиев Н.Түлеевге кайрылып, “Бишкек шаарынын мэри да, курулуш министри да, эки кабат курулуш болмок деп жатышат. Сиз ар кандай шылтоолорду айтып үч кабат кылып салыптырсыз. Ырас эки кабат болушу керек беле,  анда бир кабатын алып салгыла”,- деп тапшырма берди. Ал фонтандар да өз ордунда калып, эс алуу үчүн кооз аймак куруу зарылдыгын да белгиледи.

Фонтан демекчи, азыркы Бишкек, андагы Фрунзедеги борбордук универмагдын (ЦУМ) жанындагы фонтан – убагында шаардыктардын ажайып, элдин сүйгөн жайына айланган, эң кооз жерлердин бири болчу. Жаңылбасак, бул комплекс 1975-жылы Р.Мухамадиев, С.Сыдыкбеков, Ю.Тагиров, А.Солтобаевдердин долбоору боюнча ишке ашырылган. 1977-жылы СССР Союз Архитекторлорунун кызыктыруучу сыйлыгына татып, диплом дагы алган.

Азыр «Old Bishkek» долбоорунан кийин бул фонтан кала береби, же таптакыр өзгөрөбү аны айта албайбыз. Өткөн кылымдын 90-жылдарынан кийин каралбай калган ЦУМдун жанындагы фонтан акыркы он жылда кайрадан оңдолуп-түзөлүп, шаардыктардын, анын ичинде жаштардын сүймөнчүлүктүү жайына айланып келаткан.

Биздин оюбузча бул фонтан 1975-жылы кандай чийилсе, кандай обликте болсо, азыр да дал ошондой кала берсе, абдан жакшы болмок.

Албетте, ошол эле учурда «Old Bishkek» долбоорунун демилгечиси болгон Нариман Түлеевдин эмгегин жокко чыгарып салганыбыз болбойт. Атамекендик ишкерлерден ким эле Нариман Түлеевге окшоп «Old Bishkekке» окшогон дол-боорлорду сунуштап, шаар жетекчилигине кайрылып, борбор калаага жаңы түс, жаңы образ берүүнү каалап жатты экен. Бул албетте, чоң жоопкерчиликтүү иш. Ал эми коомчулук тарабынан айтыла турган сындар жана нааразычылыктар турулуу иш. Буга абдан эле теригип, чычалаган болбойт.

Ушул өңүттөн алганда, Н.Түлеев Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылып, “эл мага кысым көрсөтүп жатат” дегенде, “Сиздин минтип айтканыңыз уят. Мамлекет сиздин шаардын борбордук көчөсүндө долбоорду ишке ашырууңузду колдоп, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратса да, убакыт да берип, шарт да түзүп берип жатат” деп айтканы жөндүү жана калыс сөз болду деп ойлойбуз.

Чындыгында эле, элдин сынын туура кабыл алыш керек. Эгер эл сындабаса, гүлзардын ордуна курулган имарат андан да бийик курулуп, шаардын көркүнө көрк кошуунун ордуна, сокур ичегиге окшоп, качан көргөн сайын, көзгө сайылган тикендей өйкөй бермек.

Бул курулуш жок дегенде төрт метр арткараак, ичкериге курулса, имарат он кабат болсо да, эч ким эч нерсе демек эмес. Кеп азыркы имарат мурдагы гүлзардын ордуна курулуп, жолго өтө эле жакын болуп калганында болуп жатат.

«Old Bishkek» долбоорунун чиймеси чийилип жатканда далай эле курулушчулар, архитекторлор ар кандай кеп-кеңештерди берген чыгар. Ошолордун ичинен ким бирөөсү эмне үчүн имаратты арткараак курууга сунуш бербегени өтө таң калычтуу.

К.Ташиев тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Н.Орунтаев “Элден собол” көрсөтүүсүнүн эфиринде текшерүү бир катар техникалык кемчиликтерди аныктаганын жана алардын ар бири боюнча иштер башталганын билдирип, бардык тапшырмалар өз убагында аткарыла турганын убада кылды.

Биз деле курулуп калган имарат бузула турганына ичибиз ачышып турат. Бирок, мында коомчулуктун күнөөсү канча? Эмне үчүн Бишкек мэриясы жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги имараттын үчүнчү кабатынын курулушуна уруксат берди. Эмне үчүн өз убагында токтотуп койгон жок?

Негизи бизде болору болуп, боегу канып калгандан кийин, курулушка уруксат бергендер четке чыга берип, а кургандар – аткаргандар күнөөлүү болуп калышат. Мына жакында эле тургундардын арызы боюнча Курулуш министрлиги 10-кичирайондогу курулушту техникалык коопсуздук эрежелерине байланыштуу токтотту.

Дагы бир кабарда Архитектуралык-курулуштук көзөмөл мамлекеттик департаменти өткөн жылдардагы мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча ишин улантып жатканы айтылат. Көрдүңүзбү, убагында үйдү курууга уруксат берип коюшкан. Эми ал үйдү пайдаланууга берүү үчүн уруксат ала албай, баштары маң.

Негизи, Кыргызстанда курулуш тармагында мыйзам бузуулар арбын. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматтары деле айтып турат. 2025-жылдын октябрь айында өз алдынча турак жай куруу учурлары 9дан 99га чейин көбөйүп, салынган айып пулдардын көлөмү 210 миң сомдон 3 миллион 383,5 миң сомго чейин жогорулаган. Ошондой эле берилген эскертүүлөрдүн саны дагы көбөйгөн. Октябрь айында аныкталган мыйзам бузуулардын саны 28ден 77ге чейин жеткен.

Демек, ойлончу, маселе көтөрүп сөз кылчу нерселер арбын. Кандай болгондо да баары долбоорго жана шаар куруу жол-жоболоруна ылайык болгонуна эмне жетсин. “Old Bishkek” долбоорунун демилгечиси Н.Түлеев да долбоор кайра каралып, элдин кызыкчылыгына ылайык өзгөртүлө турганын айтты. Ылайым ошондой эле болсун.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз