Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭмгек миграциясы тармагында кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

Эмгек миграциясы тармагында кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башчысы Кубанычбек Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Атап айтканда, калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Саидикрам Ниязходжаев министр Кубанычбек Сагынбаевди Өзбекстанга иш сапары менен келип, өлкөнүн бул тармактагы тажрыйбасын көрүүгө чакырды. Ошондой эле 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери ортосунда кол коюлган кызматташтык протоколунун аткарылышы менен жеринен таанышуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну күчөтүү жана эмгек миграциясы менен социалдык коргоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө ниетин билдиришти.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар