Президент Садыр Жапаров: “Мамлекет шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түздү”

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шайлоолор адилеттүү жана ачык өтүшү үчүн мамлекет бардык зарыл шарттарды түзгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 10-ноябрда Бишкекте өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Мамлекет башчынын айтымында, өткөн жылдарда элдик толкундоолордун көбү шайлоодогу адилетсиздиктерден улам чыккан. Ал эми азыр мындай көрүнүштөргө чекит коюлуп, добуш берүүнүн айкын системасы түзүлгөн.

“Шайлоодо добуш сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө сыяктуу көрүнүштөр көнүмүш эле болуп калган. Азыр андай болбойт. Ар бир шайлоо тилкесинде электрондук эсептөөчү аппарат орнотулду. Бир киши бир гана добуш бере алат, жана ал ачык көрүнүп турат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент жарандарды добушун сатпоого чакырып, ар бир шайлоочуга тандоосун эркин билдирүү үчүн мамлекет шарт түзүп бергенин белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 10-ноябрда, мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Ал 20 күнгө созулуп, 29-ноябрда аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого 467 талапкер катталган. Алардын 276сы эркек, 191и аял. Жогорку Кеңеш өзүн өзү 25-сентябрда таркатып, президент Садыр Жапаров 30-ноябрга кезексиз шайлоону белгилеген. Ар бир 30 округдан үч депутат шайланып келет, алардын бири сөзсүз аял болушу керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз