whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.12.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыСирия АКШ баштаган «Ислам мамлекети» коалициясына кошулушу мүмкүн

Сирия АКШ баштаган «Ислам мамлекети» коалициясына кошулушу мүмкүн

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Вашингтондо Сириянын президенти Ахмад аш-Шараа менен жолугушат. Бул Сириянын тарыхындагы АКШга жасалган алгачкы расмий визит болуп, анын жыйынтыгында Дамаск АКШ баштаган «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалицияга расмий кошулары күтүлүүдө.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Ливитттин айтымында, бул жолугушуу президент Трамптын «дүйнөдө тынчтык орнотуу максатындагы дипломатиялык аракеттеринин бир бөлүгү» болуп саналат.

Бул Трамп менен аш-Шараанын экинчи жолу жолугушуусу. Алар биринчи жолу быйыл май айында Сауд Аравиясында өткөн саммиттин алкагында кездешишкен. Бирок бул жолу Сирия президентинин Белый домго жасаган визити тарыхый мааниге ээ — анткени 1946-жылы Сирия Франциядан көз карандысыздык алгандан бери өлкө башчысы АКШга расмий сапар менен келген эмес.

Эске салсак, Ахмад аш-Шараа бир кезде «Аль-Каида» уюму менен байланышта деп айыпталып, анын башына 10 миллион долларлык сыйлык коюлган болчу. Трамп менен болгон жаңы сүйлөшүү Сириянын эл аралык аренадагы изоляциядан чыгышына жана АКШ менен мамилелерин калыбына келтиришине жол ачышы мүмкүн деп күтүлүүдө.

Гезит

Өнөрүң өркүндөсүн – Динислам Жайлаубай

Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар