Башкы беткеРубрикаларАймактар«Нарын — Орук-Там» жолу кыш мезгилине карата жабылды

«Нарын — Орук-Там» жолу кыш мезгилине карата жабылды

«Нарын — Орук-Там» жолу кыш мезгилинде кооптуу аба ырайы жана жол шарттарына байланыштуу жабылды. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругуна ылайык, Эки-Нарындан 50-чакырымдан Капчыгай 75-чакырымга чейинки жол кыймылы 2026-жылдын 15-апрелине чейин токтотулду.

Жабылыштын себеби — кар көчкү түшүү коркунучу жана жолду тейлөөнүн мүмкүн эместиги. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири чыгымдарды алдын алуу максатында мындай чара көрүлдү.

Чет-Нура жана Дөбөлү айыл өкмөт башчыларына жолдун жабылышы тууралуу маалымдоо тапшырылды. Ал эми №8 Жол тейлөө мекемеси жол каттамы ачылганга чейин атайын белгилерди орнотуу, кооптуу аймактарды көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо милдети жүктөлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар