Башкы беткеМаанилүүМолдова Кыргызстан жана Тажикстан менен визасыз режимди жоюуну пландаштырууда

Молдова Кыргызстан жана Тажикстан менен визасыз режимди жоюуну пландаштырууда

Молдованын өкмөтү 1992-жылы Бишкекте кол коюлган КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын визасыз өткөрүү боюнча келишимди денонсациялоону көздөп жатат. Бул тууралуу NewsMaker басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Тышкы иштер министрлиги даярдаган токтом долбоору 12-ноябрда өкмөт жыйынында каралат. Эгер жактырылса, документ парламентке жиберилет. Министрликтин түшүндүрмөсүндө, визалык тартип азырынча Кыргызстан жана Тажикстан жарандарына гана киргизилери айтылган, анткени бул эки өлкө менен Молдованын өзүнчө эки тараптуу келишими жок.

Ошол эле учурда Россия менен Молдованын ортосундагы өзүнчө келишим күчүндө калат, демек, орус жарандарына виза талап кылынбайт.

Мындай кадам Молдованын Европа Биримдигине жакындашуу жана визалык саясатты ЕБ талаптарына ылайык келтирүү аракетине шайкеш келет.

Эгер долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынан Молдовага баруу үчүн — жумуш, окуу же жеке сапарлар үчүн — виза талап кылынат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар