Би-би-синин маалыматына караганда, АКШ Сенатындагы сенаторлор өлкө тарыхындагы эң узун шатдаунду токтотуу боюнча макулдашууга келишти.
Бул жолу өкмөттүн иши 40 күн токтоп турду. Президент Дональд Трамп журналисттерге: “Биз шатдаундун аягына жакындап калдык өңдөнөт. Жакында баарын билесиңер,” — деп билдирди.
Мурдагы эң узак өкмөттүн ишинин токтошу 2019-жылы болуп, ал 35 күнгө созулган.Сенаторлордун макулдашуусу — өкмөттүн ишин жандандыруудагы алгачкы кадам. Эми мыйзам долбоору Сенаттан соң Өкүлдөр палатасынан колдоо таап, андан кийин Трамптын кол коюусу керек. Бул процесс бир нече күнгө созулушу мүмкүн.
Эске салсак, АКШда каржы жылы 1-октябрда башталат, бирок быйыл 30-сентябрда федералдык чыгымдарды каржылоо боюнча мыйзам долбоорлору добуш жетпей кабыл алынган эмес.
Натыйжада 1,5 миллионго жакын мамлекеттик кызматкер жумушсуз же айлыксыз иштеп жатат. Эгер шатдаун дагы узарганда, декабрда аскер кызматкерлеринин маянасы токтоп калышы мүмкүн экени да айтылган.

