Башкы беткеМаанилүүЖогорку Кеңешке талапкерлер салык мыйзамдарын сактоого тийиш

Жогорку Кеңешке талапкерлер салык мыйзамдарын сактоого тийиш

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңешке талапкерлерге салык мыйзамдарынын нормаларын сактоо зарылдыгын эскертти.

Маалыматка ылайык, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунан ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, өкүлдөргө же үгүт иштери үчүн кызмат көрсөткөн жарандарга төлөнгөн акчалар киреше салыгына тартылбайт.

Мындан тышкары, шайлоо маалында үгүтчүлөрдүн ишмердүүлүгү патент негизинде салык төлөнүүчү ишмердиктердин тизмесине кирбейт.

Ошондой эле, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө» мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотулат.

Салык кызматынан билдиргендей, талапкерлер жана шайлоо процессине катышкан тараптар салыктык маселелерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып иш алып баруусу керек.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар