whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАлмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.

Андан сырткары Атамбаевдин тарапташтарына пробациялык жаза берилди.

Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай;

Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;

Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 ай;

Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай;

Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;

Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай;

Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;

Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.

Эске салсак, 2019-жылы күч түзүмдөрү «Батукаев иши» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анда Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүшүп, анын кесепетинен атайын кызматтын бир офицери каза болуп, 225 адам жабыркаган. Натыйжада мурдагы мамлекет башчы ал иштин алкагында соттолуп, кийин абактан бошотулган жана чет өлкөгө дарыланууга кеткен.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар