whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ Израилди коргоону күчөтүп, Ирандын аба мейкиндигин көзөмөлгө алды

АКШ Израилди коргоону күчөтүп, Ирандын аба мейкиндигин көзөмөлгө алды

АКШ Израилди Ирандан келген ракеталык соккулардан коргоо үчүн Перс булуңуна кошумча аскердик күчтөрүн жана абадан коргонуу системаларын жөнөттү. NBC News маалыматтарына ылайык, эки америкалык депутат ракеталардын так санын ачыктабаса да, коргоо системалары аз сандагы ракеталарды тосууга жетишкенин белгилешти.

Military Watch берген маалыматтарга ылайык, Израилдин кайрылуусу менен АКШ аймактагы күчтөрүн күчөтүп, Nimitz учак алып жүрүүчү аскердик кемесин жөнөттү. Мурда Перс булуңунда Carl Vinson кемеси бар болчу, анын бортунда 36 F/A-18 жана 12 F-35 учактары бар. Ошондой эле Европадагы базалардан 30дан ашык танкер-учактар (KC-135 жана KC-46) Жакынкы Чыгышка жөнөтүлдү, алар учактарды абада күйүүчү май менен камсыз кылууда

Ошол эле учурда АКШ Ирандын аба мейкиндигин толук көзөмөлгө алганын билдирүүдө.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар